Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Жоокерди "сарбаз" дебейли


Кыргыз жоокери
Кыргыз жоокери

Биздин жазмакерлерибизде бир жаман адат бар. Ал бөлөк-бөтөн тилдеги, андай деле адамды тамшанта турган угуму жок сөздөрдү жазган макалаларына колдоно бермей оорусу.

Кыргыздар өз жеринен башка жактарга көчүп кеткен, жер которуп кеткен адамдарды “жер ооду болгон адамдар” деп койгон. Ошондуктан кыргыз жерине экинчи кайрылгыс болуп кеткен адамдарды биз “жер оодулар” же “жер ооду болуп кеткендер” деп атаганыбыз да оң болор эле.

Кыргызда унутулуп калган сөздөрдүн дагы бири - “оола ата” - деген сөз. “Оола ата” деген "чоң ата" деген эле сөз. Анда эмне себептен “оола ата” болуп калган? Анткени "оола" сөзүнүн дагы бир мааниси “алыс, алысыраак” дегенди билдирет. Мисалы, “Бейшен бул тоодон тигил тоого оолап кетти” дейт.

Мындан улам “оолак” сөзүнөн улам “алыскы, ыраакы” деген маанини туюнткан сөз келип чыккан. Мисалы: “Оолак болгула!” дейт. “Оолак олтур!” дейт. Демек, “оола ата” дегени өз атасы эмес, чоң атасы болсо да өз атасынан бир аз оолагыраак турган, алысыраак турган атасы дегенди түшүндүрүп турбайбы. Буга байланыштуу “оолак, оолактат, оолактатты" деген сөздөр келип чыккан.

Боз үй.
Боз үй.

Мисалы, “бизди эми бул жактан дагы башка жакка оолактатат окшойт” же “оолатат окшойт” дейт. “Кийинки кездери ал менден оолактай баштады” дейт. "Менден алыстай” баштады” дегени.

Биздин жазмакерлерибизде бир жаман адат бар. Ал бөлөк-бөтөн тилдеги, андай деле адамды тамшанта тургандай угуму жок сөздөрдү жазган макалаларына колдоно бермей оорусу. Мындай “ыкма” эне тилибиздеги көөнө сөздөр менен анча тааныштыгы жок адамдарга сырдуу көрүнгөн менен сөз кунун баалагандар үчүн тайыздык, “обу жоктук” катары сезилет. Мисалы, ошондойлор колдоно калып жүргөн араб тилиндеги “экмет” деген сөз кыргыз тилиндеги андан артык “олуя сөз“, “даанышман сөз” же “акылман сөз” дегенди эле билдирет.

Жашыруун жерге катылган казына байлыгын кыргыздар илгери “кан салык” деп койгон. Мисалы “каракчылар казыналуу кан салыкты таба албай түнү менен шимшилеп жүрүштү” дейт. Дагы бир мисал: “Энемдин кан салыгы бар эмеспи, ошого барып бир кап курут, бир карын май, бир баштык сүзмө алып кел” дейт. Бүгүн журналисттер “президенттин жеке фондусу” деп жазып жүргөндү эмне үчүн “президенттин кан салыгы” деп жазууга болбосун?

Кыргыз кыздары.
Кыргыз кыздары.

"Салттуу" деген “тарбиялуу, тартиптүү, адептүү, ыймандуу” дегенди билдирет. “Кыргыздар салттуу олтуруп, кымызды салттуу ичишти” дейт. “Кыргыздар тартиптүү отуруп, кымызды адеби менен ичишти” дегени. Ошондуктан “салттуу ислам” дегени - "тигил же бул өлкөдө жалпы элге, ислам динин туткандарга дагы, тутпагандарга дагы эч кандай зыянын тийгизбеген ыймандуу, адептүү, тартиптүү, тарбиялуу ислам дини" дегенди айтып жаткандагы эле кеп.

Кыргыз армиясы Манас өлөрү менен аскердик сөзүбүз да кошо өлгөндөн бетер, “жоокер” деген өз эне тилибиздеги аталышыбыз турса кезинде кыргыздарга кылычын ойнотуп, тепсеп кирип келген Кокон хандыгынын атчан сарбаздарынын аталышы менен жоокерлерибизди "сарбаздар” деп атап алганына жаның кашайып, ыза болосуң, намыстанасың.

“Сарбаз” деген иран тилинен кирген “атчан жоокер” дегенди эле туюндурган сөз...

Баса, Манастын жоокер жигиттери “чоролор” деп аталган эмеспи. Болбосо “эрендер” десе жарашпайт бекен?!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG