"Суусамыр FM": элет үнү
Айыл тургундары маанилүү жаңылыктарды өз күчтөрү менен даярдап, айылдаштарына тартуулап турат. Алар негизинен айылдагы маанилүү социалдык көйгөйлөрдү чагылдырышат. Мисалы, айылдыктар мал жоголгону тууралуу кабарды радиодон уга алышат. Анда иштегендердин көбү ыктыярчылар жана алар мектеп окуучулары. “Суусамыр FM” радиосу тууралуу "Настоящее время" кызматынан видеосун сунуштайбыз.