Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Тажикстан: туристтерди ким өлтүрдү?


Дангара районундагы кол салуу болгон аймак.
Дангара районундагы кол салуу болгон аймак.

Тажик өкмөтү жекшембидеги төрт туристтин өмүрүн алган кол салуу боюнча өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" күнөөлөдү. Бирок партиянын бозгундагы лидери мындай айыптоону четке кагып, бийлик чыныгы күнөөлүүлөрдү көз жаздымда калтырып жатканын айтты. Андан мурда "Ислам мамлекети" радикал тобу бул кол салууга жоопкерчилик алган болчу.

Тажикстанда жекшембидеги кандуу кол салууну ким уюштурганы тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар айтылып жатат. Тажик өкмөтү төрт туристтин өмүрүн алган чабуул артында өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" турат деп билдирди. Ички иштер министрлиги колго түшкөн шектүү адамдын көрсөтмөсүнө таянып, кылмышкерлерди партиянын "жигердүү мүчөсү" баштап жүргөнүн 31-июлда жарыялады.

Министрлик ал кишини 33 жаштагы Хусейн Абдусамадов деп атап, ал Иранда машыгуудан өткөнүн, "Ислам кайра жаралуу партиясынын" эзелки мүчөсү Носирхожа Убайдовдон буйрук алганын белгилеп жатат:

- Хусейн Абдусамадов Тажикстандагы кырдаалды дестабилдештирүү үчүн Убайдовдун түздөн-түз жетекчилиги астында жан-жөкөрлөрү менен чет өлкөлүк туристтерге кол салган. Киши өлтүрүүдөн кийин алар Пянж району аркылуу Ооганстанга өтүп, террорчул топторго кошулууну көздөшкөн, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Велосипед менен бараткан туристтердин тобун белгисиз адамдар унаа менен сүздүрүп, андан курал менен кол салышкан.
Велосипед менен бараткан туристтердин тобун белгисиз адамдар унаа менен сүздүрүп, андан курал менен кол салышкан.

​Расмий маалыматка ылайык, 29-июлда президент Эмомали Рахмондун кичи мекени саналган Дангара районунда белгисиз адамдар жеңил машине менен велосипедчен туристтердин тобун сүздүрүп, андан соң автоунаадан чыгып, жабыркагандарга бычак жана курал менен кол салышкан. Андан эки америкалык, бир швейцариялык жана бир голландиялык жарандын өмүрү кыйылып, үч киши жараат алган. Кол салгандар окуя болгон жерден качып кеткен.

Партия дооматтарды четке какты

Тажик бийлиги бул кандуу окуя артында "Ислам кайра жаралуу партиясы" турганы боюнча так далилдерди көрсөтө элек. Аталган партиянын бозгундагы лидери Мухиддин Кабири "Рейтер" агенттигине комментарий берип, тажик бийлигинин дооматтарын четке какты.

- Биз Ички иштер министрлигинин логикага туура келбеген айыптоосун толугу менен четке кагабыз жана бул террорчул чабуулду айыптайбыз, - деп билдирген Кабири.

Ал ошондой эле мындай айыптоолор кол салуу артында турган чыныгы топторду аныктоого жолтоо болорун эскерткен.

ИМ тобу видео жарыялады

Бир күн мурда "Ислам мамлекети" тобу Тажикстандагы кол салууга жоопкерчилик алып, аны "халифаттын жоокерлери" уюштурганын билдирген. Бул тууралуу экстремисттердин "Амак" сайты кабарлап, кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес.

"ИМ" тобу жарыялаган видеодон алынды.
"ИМ" тобу жарыялаган видеодон алынды.

31-июлда дал ушул сайт Тажикстандагы чабуулду ишке ашырды делген беш эркек кишинин алдын ала жаздырылган видеосун жарыялады. Басымдуу бөлүгү орус тилинде жаздырылган бул видеодогу беш адамдын кеминде бирөө өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган радикал топтун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин тарапкери экенин айткан. Видеодогулардын кеминде үчөө тажик бийлиги жарыялаган сүрөттөрдөгү шектүү адамдарга түспөлдөшүп кетет.

Жекшембидеги окуядан кийинки атайын операцияда төрт шектүү тындым кылынганы, бешөө кармалганы белгилүү болду. Бул окуяда эки жаранынан айрылган Американын Дүйшөмбүдөгү элчиги кол салууну уюштургандар тууралуу маалыматтарды ырастай элек.

- Бул аёосуз жана ырайымсыз чабуул болгону бышык. Айтылып жаткан билдирүүлөрдөн жана ар кыл маалыматтардан кабарыбыз бар. Кол салгандар ким болсо да, биз бул окуяны катуу айыптайбыз, - деди элчиликтин басма сөз катчысы Жефф Райденаур.

Кантсе да жекшембидеги окуя Тажикстандагы чет элдик жарандарды бутага алган биринчи теракт болуп калды. Кол салууда жараат алган үч чет өлкөлүк туристтин ичинде Нидерланд, Швейцария жана Франциянын бирден жарандары бар.

Тыюу салынган партиянын таржымалы

Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясына" алгач ирет 1993-жылы тыюу салынып, 1998-жылы мындай чектөө кайра алынган. Кезинде 45 миңдей мүчөсү бар делген "Ислам кайра жаралуу партиясы" Тажикстандагы абройлуу оппозициялык уюм, Борбор Азиядагы жападан жалгыз диний партия деп мүнөздөлүп келген. Бул партиянын эки мүчөсү парламентке депутат болуп шайланган.

"Ислам кайра жаралуу партиясынын" бозгундагы лидери Мухиддин Кабири.
"Ислам кайра жаралуу партиясынын" бозгундагы лидери Мухиддин Кабири.

2015-жылы тажик бийлиги аталган партияны “террордук уюм” деп жарыялап, өлкөдө иш жүргүзүүгө тыюу салган. Андан бери партиянын мүчөлөрүнө карата куугунтук күчөп, айрымдары чет өлкөгө качса, кайсы бири камакка түшкөн. Алардын укугун коргогон адвокат Бузургмехр Ёров да бир нече берене боюнча 28 жылга кесилген.

Жыл башында тажик өкмөтү "Ислам кайра жаралуу партиясын" "тажикстандыктарды Сирияга жөнөтүүгө аралашкан" деп айыптаган. Андан мурда Дүйшөмбү Иранды бул партия аркылуу шиизм идеяларын Тажикстанда жайылтууга аракет жасап жатат деп сынга алган.

Тажик бийликтеринин маалыматына караганда, Сирия менен Ирактагы согушка өлкөдөн жалпысынан миң чакты жаран кеткен. Мындан эки жыл мурда алардын жүздөн ашыгы кайтып келгени кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG