Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Тажикстан: гимн билбеген имам иштен кетет


Тажикстандагы Абубакр Сыддык мечити. 13-октябрь, 2014-жыл.
Тажикстандагы Абубакр Сыддык мечити. 13-октябрь, 2014-жыл.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети Пенжикент шаарындагы мечиттердин биринин имамын мамлекеттик гимнди жатка билбегени үчүн кызматтан кетирди. Буга окшоп аттестациядан кийин иштен бошотулган имамдар динге гимн же кайсы бир мамлекеттин символунун тиешеси жок экенин айтышууда. Тажикстандагы төрт миңге жакын имам мамлекеттик бюджеттен ар бири 100 долларга жакын айлык алат.

Пенжикент шаарынын 27 жаштагы тургуну буга чейин Ёри аймагындагы мечиттин имамы болуп иштеп келген. Ал ушул жылдын июнь айында Дүйшөмбүгө дин кызматкерлери үчүн жыл сайын өткөрүлчү аттестацияга барып келген. Бирок ал жакында эле аттестациядан өтпөй калганын, буга мамлекеттик гимнди жатка билбегени себеп болгонун уккан. Мындан улам ал имам-хатиб кызматынан алынып, ордуна башка диний ишмер дайындалган экен.

Имамдардын аттестациясында мамлекеттик символдор, анын ичинен гимндин тексти, автору жөнүндө суроолор берилет. Андан кийинки талаптардын катарында ислам дининин суннит мазхабына ылайык намаздын туура окулушу сыяктуу нерселер текшерилет.

Тажикстандагы имамдар.
Тажикстандагы имамдар.

Тажикстандык имам Нарибхон Кориев да аттестациядан өтпөй калгандардын катарын толуктаган. Ал буга чейин Пенжикенттеги Каландар мечитинин имамы болуп иштеп келгенин, бирок аттестацияда гимнди жатка айтып берсе да, жумуштан адилетсиз бошотулганын айтты:

- Аттестация убагында мага "мамлекеттик гимндин тескстин айтып бер" дешти. Бардык тапшырмаларды так аткардым. Бирок ажылык эрежелер боюнча Курандын кайсы аятында айтылганын жооп бере албай калдым.

Кориев Тажикстандагы Ислам университетинин бүтүргөн. Ал өзүнүн ордуна келген имамдын диний билими жок экенин айтып нааразы болду.

Ал эми Пенжикент шаардык администрациясынын дин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Саиджон Шодиев Кориевдин иштен айдалганынын себеби анын жалаң эле гимнди эмес, намаз окуу эрежелерин да билбегени болгонун айтты:

- Аттестацияда биринчи кезекте мамлекеттик символиканы, анын ичинен гимндин текстин суроодон баштайбыз. Анткени имамдар мамлекеттик кызматкер болуп эсептелет. Ошон үчүн аларга мамлекет айлык төлөп берип жатат. Кориев болсо ушул жылдын апрель айында аттестациядан өтпөй калган. Андан соң ага бир ай убакыт берилди. Андан да өтпөй калды. Ага эң жөнөкөй суроолор берилген. Бирок жооп бере алган эмес.

Тажикстандагы мындай аттестация 2009-жылдан баштап өтүп келет.

Эки жыл мурда Кыргызстанда да мамлекеттик гимнге байланыштуу медреседе окуган балдар-кыздардын кылыгы кыргыз коомунда талкууга түшкөн.

Жалал-Абаддагы иш-чара учурунда мамлекеттик гимн ырдалганда медреседе окуган кыздар ордунан турбай койгону мамлекеттик түзүлүштү тоготпоо катары сынга алынган.

Кыргызстанда "мамлекеттик гимн аткарылып жаткан жыйындарда жана ар кандай иш-чараларда ар бир жаран аны тикесинен тик туруп угууга, оң колун жүрөк тушка коюуга милдеттүү" деген ички эреже бар.

Бирок медреседе окуган кыздар өздөрү муну “Куранда, динде андай жазылган эмес” деп түшүндүрүп, каршылыктын себебин айтып берүүнү каалашкан эмес. Кийин Жалал-Абад облустук казыяты ал кыздар окуган “Айша-Садык” медресесинин окуу бөлүмүнүн жетекчисин жумуштан алган.

Кыргызстандын муфтийинин орун басары Замир Ракиев учурда дин жаатында билим алгандарга да, диний кызматкерлерге да мамлекеттин ички мыйзамдарын сактоо жана үйрөнүү тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди:

Замир Ракиев.
Замир Ракиев.

- Акыркы кезде биз бардык дин жаатындагы адамдарды мамлекеттин мыйзамдарына баш ийүүгө чакырып келе жатабыз. Акыркы жылдары бизде кишинин көзүнө өөн учурай турган нерселер катталган жок. Кыргызстанда канча имам болсо, баарына он беш күндүк курстар өткөрүлдү. Аны Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган. Аттестация учурунда биз мамлекеттик түзүлүш, символика тууралуу суроолорду да даярдаганбыз. Имамдар андан да сынак тапшырат.

Кыргызстанда 3000дей имам бар. Алар жыл сайын муфтият уюштурган аттестациядан өтүп турушат. Сынактан өткөндөр мечитке имамдык кылганы үчүн «Ыйман» фондунан беш миң сомдон айлык алышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG