Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Миңдеген мугалимдердин иши өзгөрөт


Чоң-Алайдагы мектеп.
Чоң-Алайдагы мектеп.

Билим берүү жана илим министрлиги 2018-19-жаңы окуу жылында 3 миңге жакын мектеп мугалимдеринин ишин жакшыртууну пландап жатат. Анын алкагында пенсия курагындагы 2 миңдей мугалимдин сааты азайып, миңдей педагогдун өткөн сабактары кайра каралып чыгат.

Министрликтин бул кадамы коомчулукта, анын ичинде ошол эле оптималдаштырууга кабылган мугалимдердин арасында күмөн ойлорду жаратты.

Атын атагысы келбеген, 1996-жылдан бери жогорку класстарда география, тарых сабактарынан берген пенсия курагындагы мугалим быйыл мектепте өтүүчү сабактарынан куржалак калып, томсоруп отурат.

Ал жаңы окуу жылы башталарына аз калганда чыккан мектеп жетекчилигинин бул чечими жеке эле моралдык-психологиялык сокку болбостон, тиричилигине да тескери таасирин тийгизерин айтып капа болду:

- Ишке көнүп алган кишиге жаман экен, психологиялык, моралдык жактан чүнчүп кеттим. Мектепте 18 сааттык торчом бар эле. Дал ушул 18 саатты "аз" деген жүйө менен мени иштен кетирип жатышат. Бул албетте, чөнтөккө да таасирин тийгизди. Студент уулум бар, анын контрактын төлөшүм керек. Өзүм жалгыз бой аялмын, бала-бакыраны ушул айлыкка эптеп карап келдим эле. Эми минтип кол жууп отуруп калдым. Азыр кайра эле ошол мектеп эми бирдеме береби деп үмүттөнүп жатам. Жок дегенде адеп сабагынан саат берип койсо деле жакшы болмок.

Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жакшыртуу жөнүндө буйрук 2018-жылдын январь айында Билим берүү жана илим министрлигинде чыккан.

Бирок көз каранды эмес Булан институту төрт айга чукул иликтөө жүргүзүп, май айында дал ушул оптимизациянын айынан өлкөдө миңдеген мугалимдер ишсиз каларын, аларга эч кандай түшүндүрүү иши жүргүзүлбөгөнүн билдирген.

Институттун жетекчиси Чолпон Орозобекова министрлик белгилеген 3 миң мугалимден да көп билим жарчылары ишсиз калып, социалдык чыңалуу келип чыгышы ыктымал, буга өкмөттүн билим берүү жаатындагы туура эмес саясаты түрткү болду деген ойдо:

Чолпон Орозобекова.
Чолпон Орозобекова.

- Биз быйыл жайкысын айылдарды кыдырып чыктык. Мектеп директорлору "кеминде жыйырма мугалимди иштен кетиребиз" деп айтышты. Ошондо жалпы республика боюнча 2200дөн ашуун мектеп иштесе, бир топ эле мугалим бошоп калып жатпайбы. Албетте, алар жумушсуз калат да. "Алардын үй-бүлөсү эмне болот?" дегенге эч ким жооп бере албайт. Мындай кырдаалда социалдык чыңалуу күчөйт. Мында өкмөт менен министрликтин түздөн-түз күнөөсү бар. Эмне үчүн 2013-жылы айлыкты эсептөө механизмин иштеп жатканда ушунун баарын ойлонгон эмес?

Министрликтин жообу

Ал арада министрлик коомчулукта кызуу талкууланып жаткан бул маселени айрым массалык маалымат каражаттары элге туура эмес түшүндүрүп жатканын, мугалимдердин санын азайтпай эле, алардын сапатын көтөрүш үчүн бөлүштүрүлгөн саатын азайтып, ардактуу эс алууга 2 миңдей мугалимди кетирерин билдирди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өлкөдө мугалим жетишпей жаткан чакта кыскартуу мекеменин башкы максаты эмес экенин белгиледи:

Надира Жусупбекова.
Надира Жусупбекова.

- Пенсия курагына жетип, чарчап-чаалыккандан кийин анын эс алууга укугу бар да. Ал эми аймактарда көп жылдан бери иш үчүн кезекке турган жаш мугалимдер арбын. Мектептерде пенсионерлер эле иштей берип, такыр орун бошобой, алар ишке кире албай калган учурлар болуп жатат. Азыр эми аларды ишке алып жатабыз. Жаш педагогго дароо насаатчы берип турабыз. Негизи штат кыскартуу деген жок, бул окуу жүктөмүн туура бөлүштүрүү аркылуу билим сапатын жакшыртуу деген гана процесс. Маселен, мугалим аябай көп же аябай аз саат менен иштебеши керек. Билимдин сапатын арттырыш үчүн сөзсүз сааттарды туура бөлүштүрөлү дедик. Жумасына жок дегенде 18-20 саат иштеген педагогдор калууда.

Айлык аябай аз

Жогоруда сөз болгон Булан институту жалпы орто билим берүүчү мекемелерде сабак өткөн ар бир жетинчи мугалим - пенсияга эчак чыккан улгайган адам экенин, пенсия аздыгына байланыштуу алар мектептен кете албай иштеп жатышканын жазган.

Мугалимдердин тартыштыгынан Бишкектеги жеке менчик лицейлер менен коллеждер да жапа чегүүдө. Кыргыз тоо-геологиялык жана байланыш коллежинин директору Венера Кудайбергенова министрликтин буйругу менен иштен четтетилген педагогдорду өз окуу жайына ишке чакырды:

- Математика, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, химия, физика мугалимдери керек. Жаштарды азыр үйрөтүш керек да, алар иштебегенде ким иштейт? Эгер ошондой мугалимдер кыскартууга учураса, мага кайрыла беришсин. Мектепте 3-4 миң сомго иштесе, мендеги эң аз айлык 8 миң сом.

Кыргызстанда азыркы тапта 2200дөн ашуун мектеп бар. Аларда сабак берген педагогдордун саны 80 миңге жакын. Адистердин жетишсиздиги алыскы тоолуу айылдарда, шаардагы жаңы конуштардын мектептеринде катуу байкалат. Бул сыяктуу кемтикти жабыш үчүн эс алуудагы миңдеген мугалимдер кошумча саат алып иштеген практика көп жылдан бери эле колдонулуп келет. Быйылкы жылы анын кандай уланары белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG