Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Пол Манафорттун Кыргызстандагы изи


Пол Манафорт.
Пол Манафорт.

АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт 2005-жылдагы "Жоогазын ыңкылабынан" кийин Кыргызстанга келип, Орусиянын кызыкчылыгын алга сүрөгөнүн "Проект" басылмасы жазып чыкты. Анда Манафорт менен анын кызматташы Константин Килимниктин сапарларына орусиялык олигарх Олег Дерипаска демөөрчү болуп бергени айтылат.

Америкада финансылык кылмыштар боюнча айыпталып жаткан, он жылдан ашык Украинада иштеген политтехнолог Пол Манафорттун "Кыргызстандагы болжолдуу изин" "Проект" басылмасынын иликтөөчү журналисттери таап чыкты.

22-августта орус жана англис тилдеринде жарыяланган иликтөөдө Пол Манафорт жана анын орусиялык кызматташы Константин Килимник 2005-жылдагы "Жоогазын ыңкылабынан" кийин Орусиянын кызыкчылыгын алдыга сүрөш үчүн Кыргызстанга келгени айтылат.

"Мен Кыргызстан жөнүндө уккам. Алар ал жерге Орусиянын позициясын бекемдеш үчүн барышкан", - деп айтып берген Манафорттун Украинадагы командасынын мурдагы өкүлү.

Эки политтехнолог Бишкекте Американын базасын жабуу маселесине басым жасашканын, алардын Кыргызстанга барганын бир нече булак тастыктап бергенин иликтөөнү жүргүзгөн журналисттердин бири, Москвада иштеген Мария Жолобова "Азаттык" радиосуна айтып берди:

АКШнын Кыргызстандагы транзиттик базасы 2014-жылы жабылган. Архивдик сүрөт.
АКШнын Кыргызстандагы транзиттик базасы 2014-жылы жабылган. Архивдик сүрөт.

- Алар АКШнын "Манастагы" аба базасынын жабылышын сүрөөнгө алышкан. Ал учурда бул Орусиянын кызыкчылыгындагы иш болчу. Орусия жигердүү алга сүрөп келген. Биринчи булак, Килимник үчүн иштеген, Кыргызстан менен түздөн түз алектенген адам. Ошондой эле Килимник менен саясий кеңешме үчүн Кыргызстанга барып келген кеминде бир политтехнологду билебиз. Мындан тышкары бизде Манафорттун Кыргызстандагы сапары тууралуу билген анын штабынын мурдагы кызматкеринин тастыктамасы бар.

Москвада иштеген журналист Жолобова Манафорт менен Килимник баш-аягы канча жолу, канчага чейин Кыргызстанга келип турганы, Орусиянын кызыкчылыгын сүрөш үчүн кимден буйрук алганы азырынча так белгисиз экенин кошумчалады.

Бирок иликтөөдө Килимник Бишкекте ыңкылаптан кийин бийликке келген мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиев үчүн иштегени, жогорудагы эки адамдын иш сапарларын орусиялык олигарх Олег Дерипасканын "Базэл" компаниясы каржылап турганы айтылат. Дерипасканын өкүлү бул маалыматтарды четке какты.

Быйыл апрель айында АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын АКШдагы шайлоодогу болжолдуу ролуна байланыштуу орус президенти Владимир Путиндин жакын чөйрөсүндөгү олигархтарга, анын ичинде Дерипаскага да санкция киргизген.

Манафорттун таржымалы

Кезинде Филиппинде жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө иштеген политтехнолог Пол Манафорт 2005-2015-жылдар аралыгында негизинен Украинада саясий кеңешчилик менен алектенген. Ал "Евромайдан" окуяларынан кийин Украинадан качкан Виктор Януковичтин жана орусиячыл Аймактар партиясынын шайлоо штабдарында иштеген. Килимник болсо түздөн-түз Манафорт менен кызматташып, анын Киевдеги кеңсесин башкарып турганы айтылып келет.

- Расмий түрдө алар политтехнологдор болчу. Алар шайлоо өнөктүктөрүнүн стратегияларын түзүү менен алектенишчү. Расмий иши ушундай эле. Бирок алар жашыруун сүрөөнчүлүк менен алек болушканын Кыргызстандан көрүүгө болот, - дейт "Проекттин" журналисти Мария Жолобова.

Бизнесмен Олег Дерипаска орус президенти Путин менен.
Бизнесмен Олег Дерипаска орус президенти Путин менен.

Манафорт 2016-жылдын март айында АКШда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда Дональд Трамптын штабына кошулуп, ошол жылдын июнь айында штабды жетектеп калган. Бирок Украинанын Аймактар партиясы ага 12,7 миллион доллар төлөгөнү жана ал салыктан качканы тууралуу кабарлар ачыкка чыккандан кийин штаб башчылыгынан кеткен.

Былтыр март айында украин депутаты Сергей Лещенко Пол Манафорт 2009-жылы айрым төлөмдөрдүн изин жашыруу үчүн Белиздеги офшордук компанияны жана Кыргызстандагы банк эсебин колдонгонун айтып чыккан.

Орусиянын АКШдагы шайлоодогу болжолдуу ролун иликтеп жаткан америкалык атайын прокурор Роберт Мюллер 69 жаштагы Манафортко 18 айып таккан. 21-августта сот арачылары аны "Банктык алдамчылык", "Салык төлөөдөн качуу", "Чет өлкөлөрдөгү банк эсептерин жашыруу" деген сыяктуу сегиз айып боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул айыптар Манафорттун Трамптын штабындагы ишине же Орусияга түздөн-түз байланыштуу эмес. Политтехнолог өзү бардык айыптарды четке кагып, эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

Килимниктин Орусия менен байланышы

Атайын прокурор Роберт Мюллер Константин Килимникти да айыптап жатат. Соттук жараяндарда Килимник Манафорт менен Дерипаскага ортомчу болгону, анын орус атайын кызматы менен байланышы бар экени айтылган.

"Проект" басылмасынын макаласында Килимник журналисттердин көзүнөн далдаа жүрөөрү, оңдуу сүрөттөрү да жок экени, Манафорт менен кызматташканга чейин өкмөттүк эмс уюмда эмгектенип, башка тараптарга иштеп бергени аныкталгандан кийин кызматтан кеткени айтылган.

Ал "Евромайдан" окуяларынан кийин деле бир топко чейин Киевде жашап келгени, акыркы жылдары эле Орусияга чыгып кеткени белгиленген.

48 жаштагы Килимник Украинада төрөлүп, Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу аскердик университетте билим алган.

Константин Климник (солдо көк көйнөкчөн) Пол Манафорттун командасында. 2006-жыл
Константин Климник (солдо көк көйнөкчөн) Пол Манафорттун командасында. 2006-жыл

Ал 2017-жылы "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы менен болгон сейрек маегинде ал өзүн "орус тараптын тыңчысы" деген дооматтарды жана Манафортко коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, аны "кесипкөй адам" деп мактаган:

- Манафорт - стратегияны жана билдирүүлөрдү жеңиш үчүн иштей турган нерсеге бириктире алган адам. Мен анын ар түрдүү өлкөдө иштегенин көргөм жана ал өз шайлоолоруна олуттуу мамиле кылат, маалыматтарды эки жума бою изилдеп, эң мыкты стратегияны иштеп чыга алат.

"Проект" басылмасынын журналисти учурда Подмосковьеде жашаган Килимник менен байланышканда ал Манафорт менен иштеген учур тууралуу сүйлөшүүдөн баш тарткан. Кыргызстандагы сапары жана Орусиянын кызыкчылыгы тууралуу суроолорго Манафорттун өкүлү Жейсон Малони жооп бере элек. Бул маселе боюнча мурдагы кыргыз президентинин да пикири белгисиз.

"Жоогазын" ыңкылабынан кийин премьер-министр болгон Феликс Кулов жогорудагы адамдар менен эч качан жолукпаганын "Клооптун" журналисттерине билдирди. 2005-2007-жылдары тышкы иштер министри болгон Аликбек Жекшенкулов да аталган кишилер тууралуу укпаганын "Азаттык" радиосуна айтты.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 2009-жылдын февраль айында кыргыз өкмөтү "Манас" аба майданындагы АКШнын аскердик аба базасын өлкөдөн чыгарууну чечкенин жарыялаган. Жарым жылга жетпеген убакыттан кийин бул база транзиттик борбор болуп өзгөрүп, ал акыры 2014-жылы жабылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG