Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Пхеньян Сеулга каршы аскердик планынан убактылуу баш тартты


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 24-май, 2020-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 24-май, 2020-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореяга каршы аскердик планынан убактылуу баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Пхеньяндын борбордук маалымат агенттиги кабарлады.

Лидер чечимин Корея жумушчу партиясынын аскердик комиссиясынын жыйынында жарыялады. Акыркы жумаларда Пхеньян менен Сеулдун ортосундагы мамилелер курчуй түшкөн. Түндүк Корея бийлиги диссиденттер үгүт баракчаларын таратып жатышканына нааразы болуп, кошуна менен бардык байланыш каналдарын үзүп салган.

Көп узабай түндүк кореялык аскерлер Кэсон шаарындагы байланыш кеңсесин жардырып жиберишкен. Пхеньян Сеулга каршы аскердик аракет көрөрүн, демилитаризациялык аймакка жоокерлерин кайтарып, машыгууларды жандантарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG