Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Түркиядагы күрттөрдүн нааразылык акциясы


Түркиядагы күрттөрдүн нааразылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00

7-ноябрда Түркиянын Нусайбин шаарында этникалык күрттөр нааразылык акциясына чыгышты. Миңге чукул адам Түркия менен Сириянын чек арасына дубал тургузулушуна каршы болушту. Полиция нааразы болгондорду көздөн жаш агызчу газ жана суу бүркүгүчтөр менен кууп таратты. Эки өлкө ортосуна эки метрлик дубал тургузуу жөнүндө планын Түркия эки ай мурда жарыялаган. Бийликтер бул дубалды чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөрдү азайтуу максатында тургузуп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Чек аранын эки тарабында жашаган күрттөр болсо дубал алардын бири-бири менен болгон байланышын үзөт деп чочулашууда. Күрдистандын жумушчу партиясы 30 жылга чукул убактан бери Түркия аймагында күрт автономиясын негиздөөгө аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG