Кечээ эле ак калпагын чыкчырылта, суусар тебетейин суйкайта кийип, тилинен чаң чыгара чоңколордун жоруктарын айтып, кара нөшөрдөй ырларын төгүп, обондорун чубуртуп, жаагын жана бирде каражак, бирде жез теңдай аталып, угармандардын, окурмандардын сүйүктүү шайырына айланган эл артисти Тууганбай Абдиев үстүбүздөгү жылдын 3-майында дөөлөттүү 70 жашка чыкты.
Тууганбай ардактуу жетимиш жаштын аралыгында Кыргызстанда ал аралабаган айыл, баспаган жер калбады. Ошондой эле Тууганбайдын айткан дастандарына нөшөрлөнтө төккөн ырларына, Коргоолдун, Осмонкулдун, Ысмайылдын ж.б. шайырлардын тамашалуу ырларын табына чыгара аткаргандыгына асылданбаган бир да кыргыз жок десем жаңылбайм.
Ал кутмандуу жетимиш жаштын аралыгында толкунда калган кайыктай турмуштун да ар кандай толкундарына ары да, бери да чайпалды. Ачуусун да, таттуусун да татты.
Тууганбайга ак таңдай акындык шыгыңдын жанышына кайсыл шайырлардын ырдаган ырлары, черткен күүлөрү таасир этти? Алгачкы устаттарыңды кимдер деп эсептейсиң деген собол таштаганымда, ал менин суроомо жооп берүүдөн мурда көрүнүктүү төкмө акын, комузчу, обончу Коргоол Досуевдин “Байтал жоголгондо” аттуу тамашалуу ырын мындайча төгө берди:
- Коргоол базарда жүрсө Жээналы деген киши байтал жоголуп кетти, Коке таап бериңиз – дейт. Ошондо Коргоол байтал жөнүндө ырдап атса бирөө: - Бу байталдын өңү, түсү кандай эле Коке, - деп сураганда Коргоол:
Чекесинде агы бар,
Кулагында күйгөн шамы бар,
Оң жагында жыгылган
Желкесинде буурул жалы бар,
Куйругунун астында
Куюшкандын тагы бар,
Жоош эле жаны бар.
Ага жолуккандын багы бар.
Жаныбарым жоош эле
Жал, куйругу кооз эле.
Жакында эле токтоп айгырдан,
Жарым айлык бооз эле,
Жалынан чылбыр эше элек,
Жаман сууну кече элек.
Жанарак эле жоголду
Жабырга түшүп кете элек.
Жарым пулун аласың
Балдар жанына келсең жетелеп,
Кылынан чылбыр эше элек
Кыйын сууну кече элек.
Эмерээк эле жоголду,
Эки жакка кете элек.
Эки жүз сом аласың
О балдар ээсине келсең жетелеп, - деп ырдады да, анан Тууганбай бүгүнкүдөй ак таңдай төкмө акын болушуна шайырлардан кимдерден таасир эткени жөнүндө мындай деди:
- Илгери биздин Кетмендөбөдөн жамакчы төкмө акындар көп чыгыптыр. Менин мектебим айылым. Үйүбүздүн түбүндө жашаган Мундузбай деген карыянын балдарынын баары комузчу эле. Атап айтсам Байымбет, Үкү, Айдараалы үчөө тең чертүүчү. Ал эми Байымбеттин балдары Сулайман, Муктар да комузду өкүртө чертишчү. Үкү деген агабыз согуштан оң колу жок болуп келди. Ал мага сол колу менен комуз чаап берди. Бир кызыгы мен оң колум менен чертем, ал сол колу менен басат. Биздин айылда Мана деген жамакчы акын, Жанаалы аттуу комузчу, Малабаш деген ырчы бар эле. Аларды көрүп, ырларын, күүлөрүн угуп ушулардай шайыр болсом деп көксөчүмүн. Бир жолку соттордун шайлоосунда Малабаш менен Кожаалынын айтышканын угуп таң калдым. Экөө мага аябагандай чоң таасир калтырды. Азыр болсом райондун Үчтеректин борборундагы маданият үйүндө иштешкен айтылуу Бекназар куудул, дастанчы, төкмө акын Сарыкунан, комузчулар Кадыркул, Аскар Тезекбаевдин ырдашкан ырлары, чертишкен күүлөрү акындык шыгымдын жанышына да таасир этиптир. Өзүм теңдүү Кадыш, Алтымыш менен ырдашып жүрүп, Коргоолго жолуктум. Көп таалим алдым.
- Эми Туке көптөгөн устаттарыңдын ичинен өзгөчө Коргоолдон көп таалим тарбия алыпсың. Эгерде Кокемдин тамашалуу ырларынан билсең угармандарга да бирөөнү аткарып бербейсиңби?
- Жакшы болот. Коргоол атабыз Улуу Ата мекендик согуштан кийинки катаал турмушта базарга келет. Базарды аралап жүрүп ылайга бир кепичи тыгылып калат. Ошондо Коргоол базардагыларга кайрылып:
Айтөбөдөн тоголду.
Анжыянга барып алып келген
Аягыма бап келген.
О журтум алтынчы көлөш жоголду
Күн төбөдөн тоголду
Күндө минсем табылбас,
Күнчүлүк жолдон арыбас,
Күлүгүм көлөш бүгүн жоголду.
Араңдан зорго берди эле,
Анжыяндын зайыбы,
Ары-бери көп басып,
Бар эле апкыт жакта айыбы,
Астанып атып берди эле,
Намангандын зайыбы,
Ары-бери көп басып,
Бар эле наалы жакта айыбы,
Алтымыш сом баасы,
Апасыз калды маасы.
Жетимиш сом баасы,
Жетим калды маасы,
Көрүп, байкап калганың,
Көзүңдүн кырын салганың,
Көлөштүн бири жоголду,
Коргоолго келип бергиле,
Кокустан таап алганың, - деп Коргоол ырдап атса борсойгон татынакай келин:
- Аба бул көлөш сиздикиби деп алып келип берсе, Коргоол келинге карата мындайча бата бериптир:
О баракелде келиним,
Бар турбайбы желиниң,
Барбайган эркек төрөп ал,
Балам бар кезде күлүгүң, - дегенде. Ой кандай жаман киши эле деп келин көлөштү ыргытып ийип басып кетет. Ошондо Коргоол көлөшү менен:
Арбак урган сен көлөш,
Адашып кайда жүрөсүң,
Азгырганы жүрдүң го,
Алда кимдин сөзүнө, дептир.
1956-жыл. Ноябрь айы. Тууганбай Жалалабат областтык драма театрына артистикке кабыл алынат. Шайырлар менен эл аралап ырдайт, оюндардагы ролдорду аткарат. Сахнада өзүн алып жүрүүнүн сырлары менен таанышат. Ал кыска мөөнөттүн ичинде драматургдар К.Эшмамбетовдун “Саринжи Бөкөйүнөн” Саринжинин, М.Борбугуловдун “Барпысынан” Далбайдын, К.Бектеновдун “Тоо койнунан” Карабайдын, А.Көбөгөновдун “Бул эмнесинен” Шааботонун ж.б. пьесалардан баш-аягы жыйырмадай ролдорду аткарат.
Тууганбай жаш, сахналык тажрыйбасы жок болсо да, ар бир оюндагы өзүнө берилген каарамандардын образдарын көрүүчүлөргө турмуштагыдай жеткире берүүгө талпынат.
1961-жыл март айы. Көрүнүктүү төкмө акын, комузчу, обончу Токтосун Тыныбековдун чакыруусу боюнча Кыргыз Улуттук филармониясына артистике кабыл алынат. Ошентип Тууганбай ар кыл курактагы, ар кандай шыктагы залкар шайырларга аралашат. Ал филармониянын босогосун аттагандын алгачкы жылдарында акын-драматург Р.Шүкүрбековдун “Аралаш төкмө”, “Жинди суу”, “Жер жөнүндө терме”, “Кыз жигит” аттуу ж.б. интермедияларын угуучуларга тартуулайт. Бир эле мезгилде акындар Жалил Садыковдун “Эл жөнүндө терме”, Байдылда Сарногоевдин “Аялдар”, Ысмайыл Брончиевдин “Карылык” аттуу термелерин, тамашалуу ырларын, өзүнүн “Учурашуу”, “Каракөлдөгү үйлөнүү той”, “Жаштар жөнүндө терме” аттуу ырларын салттуу сабатмалуу обондордо ырдайт.
- Тууганбай мырза өзүңдүн акындык өнөрүңө угут болгон кайсыл залкар төкмө акындардын санат, терме, насыят, тамашалуу ырларын аткарып жүрөсүң. Алар эмнеси менен жагат?
- Мен Осмонкулдун жаш кезинде ырдаганын бир эле жолу уктум. 1954-жылы карыганда ырдаганын көрдүм. Анча болбой калыптыр. Кептин ачыгын айтсам Осмонкул менен Эстебесте артистизм өтө күчтүү эле. Алар ырдаганда кыргыз эле эмес, орус, татар ж.б. улуттарды өзүнө шак тартып алуучу. Осмонкул адеп оозун ачканда ырлар айдаган койдой эле төгүлүп, агып туруучу. Айрыкча Осмонкулдун термелеринин мазмуну өтө терең, өткөрө көркөмдүү. Ошол Осокемдин ырларын ырдайым. Сөз кууп ырдаган Ысмайыл Борончиевдин санат, термелерин аткарам. Калык Акыевдин дастандарын санат, термелерин да ырдап жүрөм,- деди төкмө акын Тууганбай Абдиев.
- Эми Туке залкар төкмө акын Осмонкулдун анча белгисиз коон жөнүндөгү тамашалуу ырынан үзүндү аткарып берсең?
- Ысмайыл Борончиев:
Карабалтада Осмонкул баш болгон Сайид Бекмуратов, Турсун Карымшаков, Абды Байсалбаев, мен болуп концерт коюп жүрөбүз. Осокем айтып калды. Күркүрөгөн күз. Коон бышып турат. Быякта менин Турдаалы деген кезимден бирге өскөн курдашым бар эле. Ошого барып коон жей кетели деп калды. Баарыбыз макул болдук. Барсак колу-буту тартайган узун киши жеңин түрүнүп алып арык байлап жүрүптүр. Осокем тетиги менин курдашым ырдай берди деди. Ошондо мен:
- Атсалоомалейкум амансыңбы Турдаалы,
Аккуудай жайкалтып дыйкандардын жыргалы,
Анда Осокем:
- Ашыра мактап жибербе,
Бу адамдын Кудай урганы.
Ысмайыл:
- Эсендешип алалы,
Эсенсиңби Турдаалы,
Коондору козудай,
Коончунун жыргалы,
Көк жашыл болуп жаткандыр.
Осмонкул:
- Көп эле мактай бербегин,
Бу кишинин Кудай урганы.
Ысмайыл:
- Учурашып ырдайлы,
Тукем убара болгон турбайбы
Суусу байлатпай.
Осмонкул:
- Тиги жылаңач жүргөн турбайбы,
Көрүнөн качкан арбактай.
Ысмайыл:
- Чыныдай экен тыягы,
Дыйкандын өзү экен.
Осмонкул:
- Түртүп пыяз бергенче,
Кудайдын алып кеткени ыраазы.
Ысмайыл:
- Көрсө Осоке буларды
Көргөндө көөнүм кубанды.
Дөбөдөй экен ашкабак.
Осмонкул:
- Өлгөндө Турдаалы
Башына жазданышат кабагын.
Ысмайыл:
- Карап көрчү тыягын
Кантип айтпай турамын
Казандай болгон дарбызын.
Осмонкул:
- Ал актаган менен
Бүт бербейт,
Бул бөлүп берет жарымын.
Ысмайыл:
- Жашыл тала жалбырак,
Жакын келсе жыт урат,
Толуп жаткан коондон
Толгону ширин го.
Осмонкул:
- Аа балам, көкчө деген бирөө бар,
Ичиңе тартат тилиңдин
Ысмайыл:
- Карабалта башынан
Касиеттүү жер болчу
Турдаалы абам илгертен
Берекелүү жер болчу.