Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Украинанын Түндүк Кореядагы "изи"


Түндүк Корея континенттер аралык "Хвасонг-14" ракетасын июль айында сынаган.
Түндүк Корея континенттер аралык "Хвасонг-14" ракетасын июль айында сынаган.

Украина Түндүк Кореяга ракеталык технологияларды эч качан жөнөтпөгөнүн билдирди. "Нью-Йорк Таймс" басылмасы эксперттерге шилтеме кылып, Пхеньян жакында сынаган ракеталарынын кыймылдаткычтарын украин заводунан алган болушу мүмкүндүгүн жазган.

"Иликтөөчүлөр Түндүк Кореянын ракета жаатындагы ийгилигин украин заводуна байланыштырууда". "Нью-Йорк Таймс" басылмасынын 14-августтагы дал ушундай аталыштагы макаласы украин бийлигин дароо коргонууга мажбур кылды. Америкалык басылма Лондондогу "Стратегиялык окуулар боюнча эл аралык институттун" изилдөөсүнө таянып, Түндүк Корея континенттер аралык ракеталарынын кыймылдаткычтарын Украинанын Днипро шаарындагы "Южмаш" заводунан алган болушу мүмкүн деп жазып чыккан.

Бир материктен экинчисине жете алган бул ракеталарды Ким Чен Ындын өкмөтү биринчи жолу июль айында сынаган. Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов дароо расмий билдирүү таратып, соңку маалыматтарды төгүнгө чыгарды.

- Украина ракетанын кыймылдаткычтары же кайсы бир ракеталык технологиялар менен Түндүк Кореяны эч качан камсыз кылган эмес. Орусиянын атайын кызматы Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программаларындагы өздөрүнүн ролун жашыруу үчүн Украинага каршы мындай өнөктүккө себепчи болушту, - деди Турчинов.

Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов.
Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов.

Украинанын мындай билдирүүсүнө расмий Москва азырынча үн ката элек. Украин Радасындагы "Элдик фронт" фракциясынын депутаты Антон Геращенко "112" маалымат агенттигине курган маегинде буга чейин Түндүк Кореянын жарандары ракеталардын чиймелерин уурдоого аракет кылганын айтып, соңку кабарларды Украина менен АКШнын ортосуна от жагуу аракети катары баалады:

- Айтылган маалыматтар акылга сыйбайт. Украина Түндүк Корея менен кызматташпайт. Ал түгүл экономикалык байланыштар деле жок. Жети жыл мурда Украинага Түндүк Кореянын эки жараны келип, Днепропетровскто ракеталардын жашыруун чиймелерин сатып алууга аракет кылышкан. Алар колго түшүрүлүп, тыңчылык кылды деген айып менен сегиз жылга абакка кесилишкен. Алар дале түрмөдө болсо керек. Андыктан бул маалыматтын баары ойдон чыгарылган. Анын үстүнө Түндүк Корея өз ракеталарын 50 жылдан ашык убакыттан бери өзү жасап келе жатат. Албетте, алар советтик чиймелерди колдонушкан.

"Южмаш" ишканасы да Түндүк Кореянын аскердик программаларына эч кандай тиешеси жоктугун кабарлап чыкты. Бирок "Нью-Йорк Таймстын" макаласына негиз берген "Стратегиялык окуулар боюнча эл аралык институттун" докладынын автору, эксперт Майкл Эллеман Түндүк Кореянын континенттер аралык ракетасынын сүрөттөрүн анализдөөдөн кийин ушундай тыянакка келгенин айтат.

Түндүк Кореянын лидери континенттер аралык баллистикалык ракетаны көрүүгө келген учур.
Түндүк Кореянын лидери континенттер аралык баллистикалык ракетаны көрүүгө келген учур.

Ал Түндүк Кореянын соңку континенттер аралык ракеталарында колдонулду делген RD-250 кыймылдаткычтарынын тобу мурдагы советтик өлкөлөрдө гана даярдалганын айтып, Украинанын "Южмаш" ишканасын анын бирден-бир булагы катары көрсөтүүдө. Эксперт "Нью-Йорк Таймс" менен маегинде Украинанын чыгышындагы жаңжалдан улам каржалып турган завод кыймылдаткычтарды сатууга кызыкдар болушу мүмкүн деп да жоромолдогон.

Жети жыл мурда Украинага Түндүк Кореянын эки жараны келип, Днепропетровскто ракеталардын жашыруун чиймелерин сатып алууга аракет кылышкан. Алар кол түшүрүлүп, тыңчылык кылды деген айып менен сегиз жылга абакка кесилишкен...

Майкл Эллеман Украинанын кескин билдирүүлөрүнөн көп өтпөй Түндүк Корея мындай кыймылдаткычтарды Орусиядан да алышы ыктымалдыгын кошумчалады. Ал америкалык NPR радиосуна курган маегинде төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Өзүмдүн анализимде кыймылдаткычтын ыктымалдуулукка көбүрөөк жакын булагы Украина деп айтып жатам. Биз Түндүк Корея колдонуп жаткан кыймылдаткычтардагы өзгөрүүлөргө күбө болдук. Менде Украинада дал ушундай кыймылдаткычты көргөнүн айткан эки көз карандысыз булак бар. Бул жагдай кыймылдаткыч Украинадан келгенин так билдирбейт. Бирок ошону ишара кылат. Мен бир нерсени белгилеп койгум келет. Буга украин өкмөтү аралашкан деп ойлобойм. "Южмаш" заводунун жетекчилиги катышып-катышпаганын билбейм. Менимче, кылмыштуу топтор аларды Украина же Орусиядан экспорт кылгандай көрүнүп жатат.

"Южмаш" заводу Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакка жакын жайгашкан. Украинанын коопсуздук жаатындагы атын атагысы келбеген расмий өкүлү буга чейин бул заводдон технологиялык сырлар сыртка чыгып кеткен учурлар болгонун айтты.

Кантсе да соңку маалыматтар Украина үчүн маанилүү мезгилде жарыяланып олтурат. Себеби учурда президент Дональд Трамптын администрациясы орусиячыл жикчилдерден коргонуу үчүн Киевге курал жөнөтүү маселесин караштырып жатат.

Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчылыгы мындан улам маалыматты тууралоону чечкенин, Батыш басылмасына оюн билдирген эксперт Орусия менен да байланышы болушу мүмкүндүгүн, соңку маалыматтар боюнча атайын иликтөө жүргүзүлбөй турганын билдирди.

Калифорниядагы Миддлбери институтунун илимпозу Жошуа Поллак да Түндүк Кореянын ракеталык программасындагы Украинанын ыктымал ролу тууралуу маалыматтар жүйөсүз экенин, Пхеньян ракеталарды өзү жасаганды үйрөнгөнүн айтты.

Түндүк Корея июль айында континенттер аралык баллистикалык ракеталарын сынагандан бери Вашингтон менен Пхеньяндын тиреши курчуп кетти. Президент Дональд Трамп Түндүк Кореяга аскердик дымагынан артка тартпаса "көргүлүктү көрсөтөбүз" деп билдирген. Пхеньян болсо АКШнын Гуам аралына сокку урабыз деп коркуткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG