Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Зомбулукту ыр менен жеңгиси келген жаштар



Ырчылар Зере, Чолпон Талипбек жана Ага-Ини тобу
Ырчылар Зере, Чолпон Талипбек жана Ага-Ини тобу

Кыргызстандын өнөрпоз жаштары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктү жигердүү колдоп чыгышты. "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова баяндайт.

Ырчы жана активист Зере Асылбектин «Апам айткан» аттуу ыры коомчулуктагы кыздарды тыюу маселесин чагылдырат.

Анда ырчы кыздарга бала кезинен тартып «сен кыз баласың, абайла» деген мааниде салынып келген тыюулар жөнүндө ырдаган. Ал ыры аркылуу зомбулукка кабылган кыздын күнөөсү жоктугун айтат жана ал коомдун сынына кабылбашы керек деген ойду бергиси келет:

“Менин ырым - көчөдө, коомдук автоунаада кыздар кабылган зомбулук тууралуу. Менимче, андайга кыздардын 90% кабылган. Бирок бул жерде кыздын кымындай да күнөөсү жок. Кыз кандай кийинбесин, кандай жүрбөсүн ага тийишкенге башканын укугу жок. Ал эми бизди апабыз кичинебизден коргоп, "кечкиге калба, абайлагыла" деп айтып келет. Ырымда "эмне үчүн мен эркин жүргөндөн коркушум керек?” деген ой берилген.

Ырчы клипке кызгылт сары түстөгү кийим кийип тартылган. Бул – зомбулуктан жабыркаган же зомбулуксуз жашоону үмүт кылган өң.

Зере өзүнүн чыгармачылыгы аялдарды колдоого багытталганын баса көрсөтөт жана коомдогу эски калып (стереотип), сокур түшүнүк менен күрөштө аялдардын өз ара тилектештигин маанилүү деп эсептейт:

Зере Асылбек.
Зере Асылбек.

«Мени сындаган эркектер, кыздар деле болот. Бирок мен дал ошол кыздарга ырым менен кайрылам. Ал сындарга карабай туура иш кылып жатканымды түшүнөм. "Мизогиния" деп коёт. Бул – аялдар өзүн чектеп, башка аялдарды да жектегени. Зомбулукту жеңүү үчүн аялдар, тескерисинче, бири-бирин колдошу керек. Зомбулук менен күрөштөгө бирден-бир туура чечим – бири-бирибизди колдоо».

Зеренин адам укуктарын урматтоого чакырган «Кыз» аттуу клиби былтыр күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Ал андан кийин да кыздардын укуктарына арналган ырларды жазып келген.

Ал эми бул “Кайра ага барба, кечирим жок ага!” деген саптар менен жазылган ыр Чолпон Талипбекке таандык. Ырчы өз ырында зордук- зомбулуктан жапа чеккен аялдарга кайрылат:

«Зомбулукка каршы ыр чыгаруу идеясы – Сузакта дөңгөлөк мойнуна асылган аялдан кийин пайда болгон. Мен ошондо үй-бүлө зомбулугуна жаш кыздар эле эмес, ар кандай курактагы аялдар да туш болорун билгем. Ырда чыныгы сүйүүдө зомбулукка орун жоктугу айтылат. Сүйүүдө бири-бирин сыйлоо жана жакшы мамиле орун алат. Эгер зомбулук орун алчу болсо, анда зөөкүргө карата жылуу мамиледен баш тартуу керектин жеткиргим келген».

25-ноябрда Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында кыргыз эстрада ырчыларынын онлайн концерти өттү.

Ыр кеченин алып баруучусу, журналист Назира Айтбекова бул өнөктүктүн максаты – чыгармачыл чөйрө аркылуу көйгөйдү элге жеткирүү экенин белгиледи:

«Бул – өзгөчө концерт, биз көркөм өнөр аркылуу коомдогу гендердик зордук-зомбулуктун бир дагы түрүнө жол жок экенин калайыкка жеткиргибиз келет».

Концертте AGA-INI​ тобу зордук-зомбулук көргөн аялдар тууралуу ыр аткарышты. Топтун солисти Кайбар мындай мазмундагы иш-чара элдин аң-сезимин өзгөртүүдө жакшы кадам деп белгиледи:

Ырчы Кайбар.
Ырчы Кайбар.

«Бул иш-чара зомбулукту жоюу үчүн жасалган чоң кадам деп айтсак болот. Терс көрүнүштөрдү жеңүүдө ушундай чараларды колдонуш керек деп эсептейм. Ошондо, зомбулуксуз жаркын жашоого үмүт артабыз».

Концерт Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана SUPER.KG порталы менен бирге уюштурулду.

Бириккен улуттар уюумунун Аялдар түзүмүнүн калайык менен байланыш жаатындагы адиси Наргиз Кошойбекова зомбулуктун алдын алууда инфлюенсерлердин ("таасир тийгизүүчүлөр), тагыраагы – интернет барагында катталуучусу көп кишилердин – социалдык жоопкерчилиги да маанилүү деп эсептейт:

Наргиз Кошойбекова.
Наргиз Кошойбекова.

«Зомбулук менен күрөштө элдин аң-сезимин ар кандай жолдор менен өзгөртүү керек. Мындайда барагында катталуучусу көп медиа адамдардын салымы чоң. Биз бул жолку өнөктүктө чыгармачыл инсандар менен концерт жана челленж (коомдук чакырык) уюштурууда тыгыз иштешип жатабыз».

Акыркы жарым жыл ичинде Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде 2019 зомбулук учур катталган. Бул – былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп.

Гендердик зомбулукка каршы өнөктүк Кыргызстанда 25-ноябрда башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк агартуу өнөктүгү Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп келет.

Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу өнөктүгү быйыл 10-декабрга – Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG