Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

АКШда Шинжаңдан товар импорттоого тыюу салган мыйзам долбоору даярдалды


Кытайдын Хотан аймагындагы фабрикада күчтөп иштетилип жаткан мусулмандар.
Кытайдын Хотан аймагындагы фабрикада күчтөп иштетилип жаткан мусулмандар.

АКШ Конгрессинин атайын комиссиясы Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң аймагынан товар импорттого тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылды. Мыйзам чыгаруучулар белгилегендей, бул аймакта мусулмандар лагерлерде мажбурланып кармалып, иштетилет.

«Шинжаңдагы бул окуялар - дүйнөдөгү адамзатка таандык эң чоң трагедиялардын бири. Ачыгын айтканда 2020-жылы ушундай болуп жатканы өкүнүчтүү», - деди мыйзамды сунуш кылган сенаторлордун бири Марко Рубио 12-мартта.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин бул кадамын сынга алып, 13-мартта «АКШ Кытайдын ички ишине кийлигишүү үчүн адам укуктарын колдонууну токтотушу керек» деп билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Шинжаңда бир миллиондой мусулман, негизинен уйгурлар Бээжин «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда кармалып турат.

Комиссиянын баяндамасына караганда, Кытайдан мажбурланып иштетилген адамдардын күчү менен чыгарылган текстил, чөнтөк телефондор, чай жана бут кийимдер Кошмо Штаттарга импорттолгонунун айныксыз далилдери бар.

Конгресс сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алар-албасы белгисиз.

XS
SM
MD
LG