Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

АКШ Мадурого баңгизат аткезчилиги боюнча айып койду


Венесуэланын президенти Николас Мадуро. Каракас. 23-сентябрь, 2019-жыл.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро. Каракас. 23-сентябрь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар Венесуэланын президенти Николас Мадурого баңгизат аткезчилиги жана арам акчаны адалдаштыруу боюнча айып койду. Бул тууралуу маалымат АКШнын Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланды.

Айыптар ошондой эле Венесуэланын бир катар жогорку даражалуу аткаминерлерине да коюлду. Алардын арасында Жогорку соттун төрагасы жана коргоо министри да бар.

Министрликтин версиясына караганда, Мадуро 1999-жылдан бери Колумбиядан Венесуэла аркылуу АКШга кокаин жөнөтүп турган наркокартелдин лидерлеринин бири болгон.

Вашингтондун эсебинде картел мүчөлөрү жалаң эле өз бийлигин бекемдебестен АКШ элинин ден соолугуна да залака тийгизүүнү көздөшкөн.

Кошмо Штаттар ал жөнүндө маалымат үчүн 15 миң доллар акча сайды.

Бир жылдан ашуун убакыттан бери Венесуэлада Мадуронун режими менен оппозициянын тиреши уланып жатат. АКШ баш болгон бир катар Батыш мамлекеттери Венесуэланын президенти катары парламент лидери Хуан Гуайдону таанышканы менен, реалдуу бийлик Мадуронун колунда. Аны Москва колдойт.

XS
SM
MD
LG