Тарыхый саммитке бир күн калганда Сингапурда коопсуздук чаралары мурдагыдан да күчөтүлдү. Сентоса аралындагы жолугушуу өтө турган мейманкана катуу кайтарылып жатат.
Эң башкысы - саммиттин негизги эки катышуучусу - АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жекшембиде бир нече сааттык айырма менен Сингапурга учуп келишти. Алар Сингапурдагы бири-биринен бир чакырымдык алыстыктагы эки башка мейманканага жайгашты. Эки лидердин ар бири менен Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун учурашып чыкты.
Шейшембидеги саммиттин акыркы деталдарын такташ үчүн дүйшөмбүдө АКШ менен Түндүк Кореянын делегация өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Бул самитте расмий Пхеньяндын өзөктүк курал маселеси жана Корей жарым аралындагы денуклеаризация аракети талкууланганы турат.
- Президент Трамп Түндүк Кореяга коопсуздук жактан кепилдик берүүгө, ал каалагандай жылуу саясий мамиле түзүүгө жана жарым аралды өзөктүк куралдан арылтууга даяр. Булардын так убактысы жана шарттары талкууланышы керек. Бирок президент чоң кадам таштоого ниет кылып жатат. Ким Чен Ын да ушундай кадамга даяр деп ойлойм, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
Трамп бул саммитти Түндүк Корея үчүн "бир жолу гана берилүүчү мүмкүнчүлүк" деп атап, эгер Ким Чен Ын өзөктүк куралдан чындап баш тартам десе, аны "бир мүнөткө жетпей" билип коерун айткан.
Дүйнөнүн көңүл чордонундагы саммит
24-майда Трамп Ким менен жолугушуусун токтотконун, буга расмий Пхеньяндын билдирүүлөрүндөгү "ачык кастык" себеп болгонун жарыялаган. Түндүк Корея сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу жокко чыгаруу аракетине бушайман экенин, диалогду улантууга даяр экенин билдирген. Эки күндөн кийин Трамп кайра бул саммит өтүшү мүмкүн экенин ишарат кылган эле. Андан бери эки өлкөнүн дипломаттары бир нече жолу кездешип, акыры саммит өткөнү турат.
Бул жолугушууну дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү кубаттап жатышат. Буга Түндүк Кореянын тынымсыз аскердик сыноолорун жон териси менен сезген Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин өзгөчө үмүт артууда.
- Бул саммитте кастыкты токтотуу жана Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча чоң келишимдер болот деп үмүттөнөм. Мындай жолугушууну өткөрүүгө президент Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын эр жүрөк чечими мүмкүнчүлүк берди, - деди Мун Чже Ин.
Азырынча Түндүк Корея кандай шарттарды коеру так белгисиз. Президент Трамп эгер сүйлөшүү ойдогудай жүрбөсө, саммиттен чыгып кетерин эскерткен.
Буга чейин АКШнын кызматтагы бир да президенти Түндүк Кореянын бир да лидери менен расмий жолуккан эмес. Ким Чен Ын кызматка киришкен жети жылдан бери экинчи жолу гана чет өлкөгө чыгып жатат. Алгач ирет ал май айында Кытайга поезд менен барып кеткен.
Пхеньяндын дипломатиясыбы же санкциялардын жыйынтыгыбы?
Түндүк Корея 1984-жылдан бери кеминде 115 жолу ракетасын, алты жолу өзөктүк бомбасын сынады. Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келген мындай сыноолордун басымдуу бөлүгү Ким Чен Ын башкарып турган учурга туш келет. Анын режими 2017-жылдын сентябрь айында эң кубаттуу суутек бомбасын, ноябрь айында АКШга жете алган континент аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялаган. Пхеньяндын мындай аракети АКШнын бул өлкөгө каршы санкцияларын кеңейтишине себеп болгон.
Жыл башынан бери Корей жарым аралында дипломатиялык аракеттер жанданып, апрель айында акыркы он бир жылдан бери биринчи жолу Түндүк менен Түштүк Кореянын лидерлери чек ара аймагында жолугушкан. Ким Чен Ын 1953-жылы корей согушу аяктагандан бери Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган Түндүк Кореянын алгачкы лидери болуп калган.
Саммиттин соңунда эки тарап өзөктүк куралдан “толук” арылууну макулдашканын жарыялашкан. Андан бери Түштүк Корея коңшусуна үгүт берүүлөрүн тараткан чек арадагы үн күчөткүчтөрдү алып, Түндүк Корея болсо өзөктүк сыноо өткөргөн Пунгери полигонунун бузганын билдирди.
АКШ менен Түндүк Кореянын саммитин уюштуруш үчүн мамлекеттик катчы Майк Помпео баштаган америкалык дипломаттар бир нече жолу Пхеньянга барып келишти. Эми дипломатиядан кандай майнап чыгаары шейшембидеги саммиттен кийин аныгыраак көрүнмөкчү.