Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Чехословакия: советтик танктарга каршы сатира


Александр Дубчек Леонид Брежневди тосуп алууда. Прага, 21-февраль, 1968-жыл. Жети айдан соң Чехословакия танктардын таман астында калат.
Александр Дубчек Леонид Брежневди тосуп алууда. Прага, 21-февраль, 1968-жыл. Жети айдан соң Чехословакия танктардын таман астында калат.

Мындан 50 жыл мурдагы советтик зулумдукка каршы чехтер чыгарган саясий анекдоттор жөнүндө учкай сөз.

Алгы сөз

1968-жылдын 21-августунун алгачкы сааттарында “Варшава келишимине” жамынган СССРдин авторитардык бийлиги демократиячыл реформаларды жүргүзүүгө белсенген Чехия жана Словакия жергесине (мурдагы бирдиктүү социалисттик Чехословакияга) өз танктарын киргизген.

Коомду либералдаштырууга багытталган тынч саясий реформа демилгеси (өлкөнүн теги словак лидери Александр Дубчектин сөзү менен алганда, “адамгерчиликтүү жүзү бар социализм куруу” аракети) ойрон болгон.

Чехтер менен словактар бул зулумдукк менен тирешүүнүн ар кыл түрлөрүнө барышты.

Чехословакиядагы калайык 1968-жылы августта танктардын күчү менен сырттан таңууланган коммунисттик тоталитардык түзүлүштү ашкерелеп, аны айыптаган саясий анекдоттор менен да жооп берди.

Биз бул окуяларды саясий азил өңүтү менен чагылдырган айрым анекдотторду кайрадан эсиңиздерге салууну чечтик.

* * * * *

— Чех элине орустар кимдер — досторбу же бир туугандарбы?

— Албетте, бир туугандар! Досторду го жакшылап тандап алабыз!

* * * * *

— Эмнеге совет аскерлери Чехословакиядан кетпей узакка туруп калышты?

— Алар дагы эле өздөрүн кимдер жардамга чакырганын билбей издеп атышат.

* * * * *

— Кайсы өлкө абдан бейтарап мамлекет?

— Албетте, Чехословакия. Ал башканы кой, өз ички иштерине да кийлигише албайт.

* * * * *

Эненин каты: "Коля, үйгө кайтчы. Наташа Иван менен жүрөт. Апаң". (Советтик жоокерлерди үйүнө кайтууга чакырган чех карикатура-плакаты). 1968-жыл.
Эненин каты: "Коля, үйгө кайтчы. Наташа Иван менен жүрөт. Апаң". (Советтик жоокерлерди үйүнө кайтууга чакырган чех карикатура-плакаты). 1968-жыл.

​1968-69-жылдардагы окуялардан кийин бир чех абышка Прага шаары аркылуу аккан Влтава дарыясынан алтын балык кармап алыптыр.

— Абышка, каалаган үч нерсеңди аткарайын, мени боштондукка чыгара көр!

— Биринчи каалоом — бизге Кытай кол салса экен! Экинчиси - Кытай кайра кол салсын. Үчүнчүсү — Кытай бизди үчүнчү жолу чаап кетсин!

Балык куйругун сууга чаап, көздөн кайым болот.

Үйдө кемпири болгон окуяны угуп, чалды каргап-шилеп калат.

— Кемпир, мени тыңдасаң! Чехияга үч жолу басып келчү кытайлыктар СССРди алты жолу тепсеген атпайбы!

* * * * *

— Жер тоголок экенин чехтер кантип үйрөнүштү?

— Тарыхтан. Тээ 1945-жылы алар душмандарын батышка кубалап салышкан. Эми 1968-жылы алар кайра чыгыш жактан кайтып келишпедиби!

* * * * *

— Социалисттик Чехословакиядагы турак-жай жана азык-түлүк маселелерин кантип чече алабыз?

— Анын жарасы жеңил. Батыш жак чек араны ачып койсок — турак-жай маселеси өзү эле чечилет. Чыгыш жак чек араны жаап койсок — өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы токтойт.

* * * * *

Кремль тарабынан бир тууган Чехословакияга чукул арада танктардын көмөгү менен “боордоштук ишаарат” көрсөтүлгөн соң, коңшу Польшада совет-поляк чек арасына жакын жайгашкан Буг дарыясында сүзүүгө тыюу салган буйрук таркатылды.

— Ушу кантип болсун? — деп бир поляк тургун өкмөтүнө нааразылана кейип айтса, экинчиси аны жооткотуптур:

— Туура эле чечим. Эгерде кимдир-бирөө сууга чөгө баштап, жардамга чакырып кыйкырчу болсо, анда 240 миллиондуу советтик достор дароо келүүгө жүткүнүп араң турушпайбы!

* * * * *

Саясий билим арттыруу сабагында чехословак армиясынын офицери катардагы жоокерден: "Империалисттердин арам ою эмнеде?" деп сурайт.

— Империалисттер ар дайым ата журтубузду басып алууга ынтызар болуп, тим эле жутунуп турушат!

— Туура. Азаматсың! Дагы кандай кошумча сөзүң бар?

— Бирок СССР ошол империалисттерден да озунуп кетти го!..

* * * * *

Чехословакиянын Коммунисттик партиясына кабыл алуу учурунда талапкерлерден капитализм менен социализмдин айырмасы эмнеде экенин сурап жатышты.

Суроого жооп таба албай калгандарды партияга мүчөлүккө кабыл алышты.

Начарыраак билген бирөө бар экен, ага бир жылга шарттуу мөөнөт беришти.

Үчүнчү бирөө мыкты кабардар экен. Ал үч жылга кесилди.

* * * * *

Советтик командирдин катышуусу астында партиялык баштапкы жыйын өтүүдө.

— Ушул жигит тың көрүнөт. Балким, Чехословакия Компартиясына мүчөлүккө кабыл аларбыз. Оболу грамматиканы кандайча билээрин текшерелик. Кана, жигит, комиссиябызга айтып берчи, “мнесто” (“město” — “шаар”) сөзү кантип жөндөлөт?

— Ал мындайча, пан төрага: Мне сто, тобе сто а велители тржи ста (Mě sto, tobě sto a veliteli tři sta!)”(сөз оюну: “мнесто” “шаар” сөзүн эки муунга бөлүп, “мага – жүз, сага – жүз, ал эми командирге болсо – үч жүз!”) — деп жигит жооп узатты.

— Азаматсың! Мүчөлүккө өттүң! — деп комиссиянын төрагасы чекесиндеги терди шыпырды.

* * * * *

Кыскача корутунду

Сөз соңунда чех юморунун тарыхый кыртышы жөнүндө иликтеген чех адабият таануучусу Вацлав Будинскийдин (Vaclav Budinsky) Чехиядагы саясий юмор жаатындагы жазганын кошумчалай кетелик.

Менимче, чех коомунда башка жактардагыга караганда саясий анекдоттор көбүрөөк айтылган. Мунун себеби коммунизм маалында биз башка өлкөлөрдөгү элдерге караганда өз саясий лидерлерибиз жөнүндө көбүрөөк анекдот айткандыгыбыздан гана эмес. Балким кептин баары чех менталитетинде болушу мүмкүн: чехтер эмнени болсо да күлкүгө айландырышат. Алар ар нерсени тамашага чалганды жакшы көрүшөт. Бул улут кылымдар бою чет элдик өкүмдарлардын таман астында болуп келди. Ошондо калк башка мамлекеттердин жана (чет элдик) саясатчылардын үстөмдүгүнө каршылык көрсөтүү ыкмасы катары юмор аркылуу кантип жооп бериш керек экенин үйрөнгөн”.

Азыркы тапта, албетте, Интернет аркылуу ар кыл анекдоттор тез таркайт. Ал эми коммунисттик жабык системада жашаган учурда чехтер деле, — тоталитардык ар кыл системаларга кабылган башка дүйнө элдери сыяктуу эле, — өз коомунун абсурддук жактарын айыптаган саясий анекдотторду Интернети жок эле ооздон оозго ушунчалык тез арада өткөрүшчү.

Чехтер советтик танктарга каршы күрөштө жеңилип калгандай сезилген менен, алардын эрки ого бетер чыңдалган. Алар 1989-жылы 17-ноябрда эч кандай куралсыз эле, тынч нааразылык жыйыны аркылуу маскөөчүл коммунисттик бийликти “ээрден алып” ыргытып, өздөрү каалагандай парламенттик демократияны түптөөгө жетишти.

Бул рухту сактоого чехтерге калк арасында жашыруун таркатылган курч, таамай, кээде Эзоп тили менен айтылган жылма болгон ар кыл саясий сатирасынын өрнөктөрү да огожо болгон.

Бүгүн, 2018-жылдын 21-августунда, кечки саат 20:00да Праганын Вацлав аянтында советтик танктардын Чехословакияга киргизилишинин 50 жылдыгына арналган чоң концерт бекер тартууланат.

Чехтер муну советтик танктарга ыраазы болуп уюштуруп жатышкан жок. Бул күндү мааракеге айлантып белгилеп, алар чет жердик зулумдук эми мындан ары кайталанбасын деп тилек кылып жатышат.

Мында да чех юмору камтылгандай сезилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG