Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Өзбекстанда сот блогер Оллашукурованы диспансерде калтырды


Өзбекстандык блогер Нафосат Оллашүкүрова.
Өзбекстандык блогер Нафосат Оллашүкүрова.

Хорезм облустук соту 27-ноябрда Нафосат Оллашүкүрованын адвокатынын суранычын четке кагып, блогердин психоневрологиялык диспансерге белгисиз мөөнөткө калтырды.

32 жаштагы мугалим Оллашукурова 7-октябрда психоневрологиялык диспансерге мажбурлап жаткырылган. Андан мурда «Фейсбукта» өз блогдору белгилүү менен Оллашүкүрова куугунтукка кабылдым деген журналист Махмуд Ражабовду колдоп чыккан.

Блогерди алгач «Бейбаштык», «Коопсуздук күчтөрүнө баш ийбөө» жана башка беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, 10 күнгө камашкан. Андан соң «акылында мандем» бар деген шылтоо менен психоневрологиялык диспансерге жеткиришкен.

Оллашүкүрованын атасынын айтымында, кызы эч качан психикалык жактан жабыркаган эмес. Ал эми «Журналисттерди коргоо комитети» расмий Ташкенттен блогерди тезинен бошотууга чакырган. Нафосат Оллашүкүрова социалдык тармактагы өз баракчасында өзбек аткаминерлерлин сындап, коррупция тууралуу ачык жазып келген.

XS
SM
MD
LG