Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

"Келемиш". Каримовдун бүлөсүнө сын күчөдү


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин 12-июнда Ферганага барганда айткандары эми ачыкка чыкты. Облустагы мунайды кайра иштеткен заводдогу сөзүндө президент Каримовдун үй-бүлөсүнүн дарегине ачуу сөздөрдү айткан.

"Азаттыктын" өзбек кызматына түшкөн бир жарым мүнөттүк аудиожазууда президент Мирзиёев одоно жана ачуу сөздөрдү оозанган.

- 27 жылда Ферганада бир дагы жаңы ишкана курулбады. Айтып коёюн, ушул эски Фергана мунай иштетүүчү заводун түп орду менен металлоломго эле тапшырсак пайда.

Президент "орой кетсем кечирим сурайм" деди да, завод өзүн-өзү актабай калганын, аны талап-тоногондорду убагында өзү токтото албаганын айтты:

- Бул заводду талкалап кеткендер ферганалык келиндер. Ким тууралуу айтканымды баарың түшүнүп турасыңар. Ошол келемиштер кылган Фергананы. Ээлеп, бардык нерсени тыйпыл кылышкан. Бул да акыйкат. Ушул Фергана мунай иштетүүчү заводун да алар ээлеген эле. Мен премьер-министр болуп туруп аралаша алган эмесмин. Аралашсам азыр бул жерде отурбайт элем. Алар баары чогулуп калкка кыянат кылышкан. Банда болуп, топ болуп кыянатчылыкка барышкан. Бир да депутат, бир да... айта албайт элек. Айтыш мүмкүн эмес эле. Азыр ал заман бүттү, - деп жыйынтыкталат билдирүү.

Мирзиёев Каримовдун тушунда 13 жыл өкмөттү жетектеген
Мирзиёев Каримовдун тушунда 13 жыл өкмөттү жетектеген

“Ферганалык келиндер” дегенде сөз маркум президент Ислам Каримовдун байбичеси Татьяна Каримова, анын эжеси Тамара Сабирова тууралуу болуп жатканын жергиликтүүлөр түшүнүштү. Экөө тең ферганалык.

Президент Каримов үй-бүлөсү менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз
Президент Каримов үй-бүлөсү менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз

Анын үстүнө 2000-жылдардын башынан тарта эле Фергана өрөөнүн, анын ичинде кирешелүү "Фергана мунайды кайра иштетүүчү заводун" Тамара Сабирова жана уулу Акбарали Абдуллаев колго алышканы эл арасында айтылып келген. Муну завод тууралуу иликтеп жүргөн журналист Алексей Волосевич да ырастоодо:

- Алар заводдун көмүскө жетекчилери болушкан. Жетекчилери болбосо да калкалоочулары болушкан.

2012-жылы Фергана мунай заводунда териштирүү жүрүп, аны Абдуллаев жетектеген топ көзөмөлдөөрү белгилүү болгон. Ушул жана башка иштерине байланыштуу Абдуллаев президент тайжездесинин көзү тирүү кезинде эле 15 жылга абакка отургузулуп, эки жарым жылдан кийин шарттуу бошойт.

Акбарали Абдуллаев
Акбарали Абдуллаев

Каримов дүйнөдөн кайткандан бир ай өтпөй Абдуллаев чет өлкөгө чыгып кеткен. Украинадан башпаанек алгандан кийин дайнын таптырбай жүрөт. Издөөдө. Ал 800 млн. долларды чыгарып кеткенин тергөөчүлөр билдирип, иликтөө уланууда.

Президент Мирзиёевдин облуска барган учурда мунай заводун кайра эске алганынын себеби экономикалык эле маселе эмес. Ушундай деп ойлогондордун бири Лондондогу Чыгыш жана Африка изилдөө институтунун кызматкери, белгилүү өзбек социологу Алишер Илхамов:

- Көрүп турабыз, кеп нугу үй-бүлө мүчөлөрүнө бурула баштады. Гүлнара Каримова гана эмес, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да сындын бутасына алынууда.

Гүлнара Каримова азыр Өзбекстандын абагында
Гүлнара Каримова азыр Өзбекстандын абагында

Президенттин билдирүүлөрүн башкалар Каримовдун үй-бүлөсүн сындоого болот деген ишара катары кабылдаганын кошумчалайт Илхамов.

Быйыл августта Өзбекстандагы бардык улуттук теле жана радиокомпаниялардын редакторлоруна маркум президент Ислам Каримовдун атын эскерүүгө тыюу салынганы кабарланган. Ага чейин мурдагы бийлик тушундагы кыңыр иштер, алардын авторлору тууралуу туюгунан маалыматтар таратылып келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG