Дүйнөдөгү Рождество майрамы
Дүйнөдөгү католиктер Рождествону майрамдашууда. Вашингтондо президенттин жубайы Мишел Обама кыздары менен улуттук медицина борборунда дарыланып жаткан жеткинчектерди куттуктаса, Финляндия - Орусия чек арасында Аяз Ата менен финдердин Йоулупуккиси салтка айланган жылдык жолугушуусун өткөрүп, бири бирине белек-бечкек беришти.