Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Арменияда толкундоолор уланууда


Арменияда толкундоолор уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Жүзгө жакын демонстрант Ереванда эл аралык "Звартноц" аэропорту менен баш калааны туташтырган кара жолду жабышты. Жүздөгөн машинелер шаарга кире албай калды. Ошол эле учурда аэропортко бараткан авиажүргүнчүлөр машинелерин таштап жөө жөнөштү. «Азаттыктын» армян кызматы өлкөнүн Иран менен чек арасын туташтырган Ереван – Мегри жолу, ошондой эле түндүктөгү Ереван – Севан жолу да тосулганын жазды. Ошондой эле Армениянын башка шаарлары да наразылык иш-чараларына кошула баштаганы маалым болду. Демонтранттардын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян менен өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан, башкаруучу Республикачыл партиянын өкүлү Карен Карапетяндын бүгүнкүгө белгиленген жолугушуусу болбой калды. Бүгүн Никол Пашинян баштагандар бийликте Серж Саргсяндын партиясынын өкүлү калып жатканына макул болбой, Еревандын көчөлөрүнө нааразылык иш-чараларына кайра чыгышты. Армениянын баш калаасына атайын күчтөр тартылып, чопкутталган аскер техникасы аянтка чыгарылды. Дүйшөмбүдө өкмөт башчы Серж Саргсян 11 күн бою тынбай өткөн массалык демонстрациялардан кийин бийликтен кеткен.

XS
SM
MD
LG