Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Диний сабырсыздык – түркөйлүктүн түгөйү


Түркиялык сопулар бийи - сабырдуулукка чакырган өнөр. Стамбул. 2013-жылдын 18-декабры.
Түркиялык сопулар бийи - сабырдуулукка чакырган өнөр. Стамбул. 2013-жылдын 18-декабры.

Башка диндегилерге карата сабырсыздык адамзат коомун далай керексиз алааматтарга кириптер кылып келген. Сөз эркиндиги – башкесерди колдоо эркиндиги эмес. Тарыхчынын блогу.

Кыргыз үчүн башка президентти сындоо да кеппи!..

Жакында бир кыргыз жигит АКШда көк мелжиген имаратка чыгып алып, АКШнын президентинен бул өлкөдө сөз эркиндигин камсыз кылууну талап кылгандыгы тууралуу кабар дүйнөгө желдей таркады.

Эмне десем... Кыргызстанда сөз эркиндиги камсыз кылынган соң, эми мухиттин ары жагына барып, ушундай акыбалды талап кылып жаткан ошол мигрант жигитке ыраазы болбой коё албадым (албетте, мындагы кер какшыктын кермек даамын сезчүлөр бардыр).

Эми жердештерим тээ Францияда “каапыр” мугалимди мууздаган кылмышкерди колдоп, ошол өлкөнүн президенти Макрондун өзүнө каршы Кыргызстанда нааразылык иш-чара өткөрүүгө чакырып жатышат. Анча-мынча жыйын уюштурулуп да жиберилди.

Кып-кыргыз болуп туруп, ушунчалык мусулман болуп туруп, ал түгүл Жогорку Кеңеште намазкана ачып алып, жемкорлукка илинген айрым депутаттарга каршы “лам” этип ооз ачып койбогондор эми жок дегенде Евразиянын аркы башындагы өлкөнүн президентине каршы ачык сын айтып, “эрдик кылып” жатканына шүгүр.

Албетте, Кыргызстандагы сөз эркиндигин алар дагы колдонуулары керек деңизчи...

Президент Макронго каршы нааразылык чара. Жалал-Абат, Кыргызстан. 30.10.2020.
Президент Макронго каршы нааразылык чара. Жалал-Абат, Кыргызстан. 30.10.2020.

Өтмүш сабагы

Эми дал ошол сөз эркиндигин ал мекендештеримден кем эмес колдонуп, тарыхтын айрым бир сабактары жөнүндө кыска болсо да айта кетким келет.

Мукамбет пайгамбардын сүрөтүн эч качан тартпаш керек, буга “Куран” тыюу салган, деген доону айткандарга: “мусулмандардын ыйык китебинин эч бир жеринде, эч бир сүрөөсүндө Мукамбет пайгамбардын сүрөтүн тартууга тыюу салынган эместигин” баса белгилеген адистердин сөзүн эскерте кетмекчибиз.

Албетте, Сауд Арапстанда мамлекеттик идеология катары өз көз карашын бекемдеп алган ваххабийлер таптакыр эле жандуулардын сүрөтүн тартууга тыюу салышат. Ооба, сөз жүзүндө ушундай.

Сауд Арапстанда аялдар шайлоо укугуна 2015-жылы гана ээ болушту. Жидда шаары. 12.12.2015.
Сауд Арапстанда аялдар шайлоо укугуна 2015-жылы гана ээ болушту. Жидда шаары. 12.12.2015.

Иш жүзүндө сауд арапстандык миллиардерлер өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн фото сүрөттөрүн биздин түшүбүзгө кирбеген эң кымбат жана өзгөчө так фотоаппараттар менен тарттырып келишет. Аларда деле уюкфон аркылуу “селфи” сүрөт тартуу кеңири таркаган.

Ал эми ваххабий эмес мусулман чөйрөлөрү орто кылымдарда эле кол жазма китептерди кооздоодо Мукамбет пайгамбардын сүрөтүн тартуу ыкмасын арбын колдонушкан.

Буга ошол орто кылымдардан бери сакталып жеткен жана ар башка өлкөлөрдөгү музейлерде жана кол жазма корлорунда бапестеп сакталып жаткан чыгармалардагы сүрөттөр күбө.

Шилтеме. Бул макалада XVI кылымдагы мусулмандык кол жазма китепте тартылган пайгамбардын сүрөтү чагылдырылган: (https://www.bbc.com/russian/society/2015/01/150116_muhammad_images_controversy_gch)

Айрым адистер “бул кооз сүрөттүү китептер өзгөчө бай кишилердин жеке китепканалары үчүн гана жасалгаланган, жалпы калайык үчүн алар жабык болчу” дегендей жоромолдорду айтышат.

Биз буга макул болбос элек. Анткени алар сакталып жеткен айрым нускалардын негизинде гана жоромол кылышууда. Авторитардык режимдер жана тынымсыз кутумдар, согуштар маалында айрым төбөлдөр космостук тездик менен жакырга жана кулга айланышы мүмкүн болгон; демек, ал сабаттуу төбөл жана анын жакындары ак сөөк кездеги билимин башка коомдук катмарларга деле жайылтышкан.

Кыргыздар жана башка алардын тарыхый коңшулары ислам динин кабыл алгандагы бир маанилүү шарт – алардын көчмөндүк цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүн ханафий сопулардын (суфий) тарыкаттарынын ийкемдүү эске алуусу болгон. Натыйжада кыргыздар теңирчилик доордогу бир катар диний ишенимдерин да, башка маданий өзгөчөлүктөрүн да сактап, ошол эле учурда, жайлоо жана кыштоолорунда эч кандай мечит курбастан, ал түгүл көчмө мечит да уюштурбастан, өздөрүн нагыз мусулмандарбыз деп санашкан.

“Манас” эпосунун ислам таркалгандан кийинки варианттарында Манастын ири жортуулун “казат” (“газават” – диний “ыйык согуш”) деп аташкандыгы да буга далил.

Демек, суннийлердин ханафий мектеби аркылуу кыргыздарга жана башка тектеш элдерге кеңири таркалган ислам өзгөчө толеранттуулугу (сабырдуулугу) менен айырмаланган.

Айтмакчы, мындай сабырдуулук ислам кайра жаралуусу (ренессансы) доорунда жалпы Аббасийлер халифатында жана башка аймактарда да байкалган. Аббасийлердин борбору Багдат шаарында илимдер академиясы түптөлүп, анда ар кыл этносторго жана диндерге таандык элдердин илимий ачылыштарынын мазмуну арапча которулуп, католиктердин караңгы чүмбөтүн жамынган Батыш Европа түшүндө да көрбөгөн ири илимий ачылыштар абдан көп илимий тармактарда жүзөгө ашырылган.

Ал ачылыштардын бир катарын биздин Борбордук Азиядагы ар кыл этностордон чыккан (демек, теги жагынан арап болбогон) бабаларыбыз жасаган. Алардын ысымдарын санап отурбайбыз. Айрым мусулман даанышмандар тууралуу мурдагы макалаларыбызда баяндаган элек.

Пайгамбардын мусулман китептериндеги сүрөттөрү

Мусулмандык кайра жаралуу доорундагы (IX––XI кк.) жана андан кийинки кылымдардагы илимий жана маданий жетишкендиктер –– диний сабырдуулуктун, орток гуманисттик турумдун мөмөсү эле. Ал эми гуманизм жана сабырдуулук болгон жерде сөзсүз көркөм өнөрдүн ар кыл жанрлары, анын ичинде сүрөт өнөрү да өнүгөт.

Ошолордун бири –– “Ырайымдуу. Айкөл Алланын аты менен баштаймын!” деген сүйлөм менен башталган жана ислам динин популярдуу (анын ичинде сүрөт ыкмасы менен да) жайылтууга багытталган китептердеги Мукамбет пайгамбардын өмүр жолуна байланыштуу сүрөттөр болгон. Көбүнесе Мукамбет пайгамбар Бурак деген аталыштагы өзгөчө жандыкка минип алып, асманга көтөрүлүп жаткандыгы ("миъраж") ж.б. учурлар тартылган сүрөттөр биздин заманыбызга чейин сакталып жетти.

Осмон султандары өздөрүн XIV кылымдын экинчи жарымынан кийин “халиф” деп да атап калышкандыгы тарыхта маалым. Дал ошол осмон доорундагы түрк тилиндеги кол жазмалардын бириндеги түстүү сүрөттө Мукамбет пайгамбар менен Кадыйчанын (Хадижа) чогуу турган турпаты тартылган. Пайгамбар чөөгүндү оң колуна кармап, сол колуна суу куюп, даарат ала баштаган экен. Жубайы Кадыйча аппак сүлгүнү колуна кармап, оң жагында турат.

Шилтеме: https://tr.wikipedia.org/wiki/Dosya:Siyer-i_Nebi_-_Muhammad_und_Chadidscha_()_führen_die_ersten_rituelle_Waschung_-wudhu-_durch.jpg

Албетте, бул сүрөттөрдү тарткан орто кылымдык өнөрпоздорду азыр айрым ваххабийлер жана ислам динин эң эскичил көз карашта аңдаган башка да топтор дароо эле таш бараңга алышмак. Бул –– турган иш деңизчи.

Бирок дал ушул элестүү окуу каражаты катары сунушталган сүрөттөрдөн улам ошол кол жазма таркалган доордогу окурмандын исламды түшүнүү чабыты кеңейип, анын натыйжасында бир нече кылымдардын ичинде жүз миңдеген же андан да көп момундар тарбияланышты да!..

Дегиңкиси, кайсы мусулман мамлекетинде сабырдуулук өкүм сүрсө, дал ошол мамлекетте ар кыл диндерге сыйынган жамааттарга жаратмандык үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөн жана көркөм сүрөт, китеп кооздоо, архитектура, ж.б. өнөр тармактарынын гүлдөп өсүшү үчүн да ыңгайлуу шарттар жаралган.

Мукамбет пайгамбардын сүрөттөрү китепти кооздоодо колдонулган орто кылымдык мусулмандык чөлкөмдөр, демек, азыр да сабырдуулук тарыхынын өрнөктөрү жаатында терең изилдөөгө арзышат.

Илим – сабырдуулук мөмөсү

Католик дини илимге жана сабырдуулукка караманча каршы турган чакта, Батыш Европада канчалаган жаңычыл көз караштагы айдыңдар отко жагылып же дарга асылып өлтүрүлгөн!

Айтылуу Улукбектин шакирти жана улантуучусу, астроном Алау д-Дин Абу-л-Касым Али ибн Мухаммед ал-Кушчу (кыскача Али Кушчи‎; Самарканд, 1403 — Стамбул, 1474) Жер планетасы күн-түн (сутка) ичинде өз огунда айланышы мүмкүн деген жоромолун илим чөйрөсүндө калтырган.

Ал эми поляк астроному Николай Коперник (полякча: Mikołaj Kopernik; 1473 — 1543) Жер жана башка планеталар өз огунда айланышат жана алар Күндү да айланышат деп гелиочордондук көз карашты бекемдеген. Бул гелиочордондук көз карашка индиялык астроном жана математик Ариабхата (б.з. V к.) менен Абу Райхан Беруни (XI к. башы) да өз эмгектеринде ишаара кылышкандыгы жоромолдонуп келет.

Дал ушул сыяктуу илимий ачылыштар доорун кабыл албаган эскичил диниятчылар орто кылымдарда кыйла көп болгон, бирок мындай илимий ачылыштарга жана маданиятка жөлөк болгон Харун ар-Рашид, Мехмет Экинчи Фатих, Улукбек, Бабур, Хусейн Байкара сыяктуу мусулман өкүмдарлар да тарыхта маалым.

Омар Хаййаам, Абу Мухаммад Саади Ширази, Жалал ад-Дин Руми жана башка мусулман ойчулдар өз мекендештерин сабырдуулукка жана билимге чакырышкан.

Айтылуу сопу, ойчул Ажы Бекташ (Хажы Бекташ-и Вели; 1209––1271): “Сен өзүң Ыйык Китепке, Куранга ишенем деп айтасың, бирок сенин жүрөгүң жана кылык-жоруктарың зулумдукка жык толгон” деп жазгандай, ошол орто кылымдарда эле мусулман айдыңдары зөөкүрлүктү айыптап, сабырдуулукка чакырышкан.

Сатира жана диний сабырдуулук

“Куранды” жана хадисти үстүрт билген түркөйлөр, алдамчы казылар (кадий, диний сот) тууралуу анекдоттор орто кылымдарда эле арап, фарсы, түрк тилдеринде жайнап чыккан.

Кээде тема Аллага да байланыштуу болгон. Тарыхчы Табари жазып калган анекдоттордун бири Аббасийлердин халифи Мансур (754––775) тууралуу айтылат.

Халиф Мансурга Азхар деген бир жакын чөйрөсүндөгү киши улам белек үмүт этип келе берет. Алгач ага 4 миң дирхем берип: “эми эчтеке сурап келбечи” десе да, ал улам бир шылтоо айтып, чындыгында, акча үмүт кылып келе берет экен.

Акыркы жолу ал келип: “Сиз Алла-таалага тиленип кайрылган сөзүңүздү үйрөнгүм келет”, –– деп көшөкөрлөнөт экен. Анда халиф Мансур: “Ага эч убара болбо. Алла-таалага тилек менен кайрылдым эле, аны аткарбай койду. Мен Алла-таалага дал ушул сенин чап жабышып алганыңдан куткара көр! деп жалынган болчумун да!”

Кыргыз адабий мурасына келсек, жомокчулар, төкмөлөр, айтылуу Тоголок Молдо жана башка кыргыз жазгыч акындары өз журтундагы эшен, кожо, калпаларды азилге алган сыяктуу эле, Кожо Насирдин, Молдо Насирдин, Бу Адам, Апенди, Алдар Көсө ж.б. кейипкерлер аркылуу далай алдамчы молдолор жана түркөйлөр сатиранын шибегесине сайылган эмеспи! Ошол эле учурда бул сатиралык чыгармаларын авторлору өздөрүн такыба мусулман санашкан.

Бул сабырдуулук руху жалпы мусулман дүйнөсүндө азыр деле орноп келет.

Тарыхый тажрыйба

Пост-советтик мусулмандар мурдагы расмий атеисттик коомдук түзүлүш маалындагы ар кыл диний топторго карата сабырдуу мамиленин тарыхый тажрыйбасын көөнө тарыхтагы диний сабырдуулук тажрыйбасына ширелте алышты.

Айтмакчы, ваххабийлик Сауд Арапстандын расмий элитасы деле Батышка карата сабырдуу саясат жүргүзүп келет. Падыша Салман ибн Абдул-Азиз ас-Сауд 2020-жылы жайында АКШга барып, арка омурткасынан ийгиликтүү операция жасатты. Анын экинчи уулу Султан ибн Салман ас-Сауд дүйнөдөгү араптардын ичинен чыккан алгачкы астронавт болгон (Султан ибн Салман 1985-жылы америкалык “каапырлардын” космостук кемеси менен орбитага чыгып кайткан).

Канзаада Султан ибн Салман ас-Сауд.
Канзаада Султан ибн Салман ас-Сауд.

Ислам динин кылыч менен башка өлкөлөргө таркатуу аракетин жасаган Арап халифатынын аскердик жортуулдары маалында ислам дини таркалган чөлкөмдөргө караганда, бул динди ынандыруу жана тынчтык ыкмаларын айрым жортуулдарга да айкалыштырып таркаткан арап эмес мусулман өкүмдарлары таркаткан тарыхый мейкиндик алда канча кеңири.

Мисалы, Азиянын чыгышындагы эң ири мамлекет –– Кытайда бери дегенде 10 миллиондой сандагы мусулман дунган (уйзу) эли байырлайт. Албетте, Карахандар каганаты, кийин Чагатай улусу, Хайду мамлекети, Моголстан сыяктуу мусулман өлкөлөрү Кытайдын Ички Азиядагы айрым чектеш батышыраак аймактарында мезгил-мезгили менен согушуп турушкан, бирок ичкерки Кытайга ислам дини Улуу жибек жолу аркылуу тынч усулда жайылтылгандыгы шексиз.

Кытайдагы дунгандар башка диний жамааттардын арасында тынчтыкта жанаша жашоо салтын кабыл алып, сабырдуулукту чыңдашкан.

Демек, ара-чолодо мусулман дүйнөсүнүн өзүнүн сабырдуу саясатынын кылымдар карыткан тарыхын да үйрөнө жүргөнүбүз ашыкча болбос.

Башка диндегилердеги сабырдуулук

Айтмакчы, христиан дүйнөсүндө Иисус, Рим папасы, ар кыл эпископтор жана башка диниятчылар тууралуу тонналаган карикатуралар, ал түгүл комедиялык жана сатиралык көркөм тасмалар чыккан. Чыныгы “Инжил” элден жашырылып, катылып келет деген да сюжеттер кинотасма аркылуу таңууланган. Католик чиркөөсүнүн айрым ири диниятчыларынын бачабаздыкка баргандыгы тууралуу ашкерелеген канчалаган китептер, тасмалар жаралды!..

Христиандык тарыхый анекдоттордун бирин Улуу Британиянын айтылуу өкмөт башчысы Уинстон Черчилл “Британиянын төрөлүшү” эмгегинде камтыйт.

Б.з. VIII кылымда англиялык падыша Оффа өзүнүн алтын тыйынын чектирген экен. Бул чыгарылган тыйындын кооз сүрөтү араптардын тыйынына негизделип, анын үстүнө “Падыша Оффа” ("Rex Offa") деп латын тамгасындагы текстти кошуп койгон.

Эгерде бул христиан падыша тыйындын бетиндеги кооз чийме сызыкты арапча билген кишиге көрсөтсө, анда ал Тумандуу Албиондогу христиандык тыйын акчанын бетинде “лаа илааха илла-лла, ва мухаммаду расулу-лла” (“Алладан башка кудай жок, Мукамбет – анын элчиси”) деген арапча текст чегилгенин көрмөк.

Жөөттөрдө да Моше (Моисей, Муса) пайгамбар тууралуу миңдеген анекдоттор айтылып жана көп сандаган карикатуралар чыгып келет.

Андай азилдердин биринде, маселен, мындайча айтылат:

Моше пайгамбар өз элин Египеттен чыгарып, Израилди көздөй узак сапарга жөнөптүр. Ал бир маалда онлайн навигаторду күйгүзсө, анысы айтат дейт: түз бара бергиле, беш чакырымдан соң – оңго бурулгула!”

Пакистандыктар француз президенти Макрондун ислам жаатындагы сөздөрүнө каршы нааразылык жыйындар өткөрүштү. Карачи шаары. 30.10.2020.
Пакистандыктар француз президенти Макрондун ислам жаатындагы сөздөрүнө каршы нааразылык жыйындар өткөрүштү. Карачи шаары. 30.10.2020.

Макрон, Хаменейи, Салман...

Албетте, сөз эркиндигин пайдаланып, Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы бир канча нааразылык митингин уюштурса болот.

Буларга чым этип койбогон француздар Макронго каршы Ала-Тоодогу демонстрацияларды деле байкоос албашы мүмкүн эле, бирок...

...Бирок Ала-Тоодогу антимакрондук демонстрациялар диний сабырсыздыктын негизинде мугалимди мууздаган террорчуну жактап калып жаткан жокпу?

Тараза ташында эмне коюлган? Сөз эркиндигине жамынып алып, айрым замандаштарыбыз диний сабырсыздыкка жана террорчулукка ачык колдоо кылып жатышкан жокпу?

Сөз эркиндиги – бул баш кесүү эркиндиги эмес, ошондой эле, башкесерди колдоо эркиндиги да эмес деп ойлойм.
Т. Чоротегин

А балким, “өз эрежеңди башкалардын чиркөөсүнө таңуулаба” деген накыл кептегидей, ошол эскичил көз карашты карманган жана баарлашуу жолу менен кайчы пикирлерди салыштыргандын ордуна, жини келгенде, бычак же жардыргыч зат кармап чуркаганга маш “жихадчыларды” алиги “адепсиз” жана “кайырдин” Макрондун өлкөсүнөн адептүү, такыба Сауд Арапстанга же башка шарыятты гана мыйзам катары колдонгон мусулман мамлекетине тынч көчүп кеткиле деп чакыруу жөндүү болоор?

Неге ошол террордук аракетке барган кишилер жана алардын жакындары мусулман мамлекетинен качып, “бузукулук кылып жаткан” коому бар Францияга, Улуу Британияга же башка Батыш өлкөсүнө жетүүгө умтулушту экен? Франциядагы орто мектептин мугалими Сэмюэл Патини мууздап өлтүргөн орусиялык мусулман кылмышкер өзү аңдабаган цивилизациялык асыл-нарктары бар Парижге эмес, маселен, “чү” дегенде эле шарыятты өзөк кылган эр-Рияд жана Жиддага көчүп кеткенинде же өз мекенинде кала бергенинде эмне болмок?

Өлкөдөн өлкөгө көчүүдөгү тандоонун оош-кыйыш жактарын да сергектик менен ойлонуу керек болуп турат. Эгерде кимде-ким демократиялык коомдун өлкөсүнө жетүүгө ашыгып жатса, анда ал демократиялык коомдогу сабырдуулук жаатындагы жекече жоопкерчиликти да алдын-ала аңдашы жана ал жоопкерчиликти толук кабылдоого даяр болушу абзел.

Ушунча болду, эми дагы бир жагдайды салыштыра кетели. Француз президенти Макронду Ош, Жалал-Абат, Бишкекте эле эмес, жогоруда АКШда президент Трампты сындаган кыргыз жигит сымал, Париждин өзүндө эле каалашыңызча сындай аласыз.

Ал эми мусулман катары Тегеранга барып, айатолла Хаменейини ачык сындап, же эр-Рияд шаарына барып, падыша Салман ибн Абдул-Азиз ас-Саудду калайык алдында сынга алып көрүңүзчү, анан окуя кандай багытта өнүгөөрүн көрөлү...

Сөз эркиндиги – бул баш кесүү эркиндиги эмес, ошондой эле, башкесерди колдоо эркиндиги да эмес деп ойлойм.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG