Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Керчтеги кол салуудан 19 адам каза тапты


Орусия Украинадан 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында бүгүн политехникалык коллеждин имаратында жарылуу жана ок атуу болду.

Жергиликтүү бийликтин соңку маалыматына караганда, окуя учурунда өлгөндөрдүн саны 19га жетти. Өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү өспүрүмдөр, бирок арасында окуу жайдын мугалимдери да бар.

Мындан сырткары дагы 50дөй адам жараат алганы аныкталды. Ооруканада жаткан 35 адамдын ичинен сегизинин абалы оор.

Орусиянын Улуттук антитеррордук борбору алгач политехникалык коллеждин кафетериясында колго жасалган жардыруучу зат жарылганын кабарлаган.

Бирок бийлик бул окуяны азыр Кылмыш кодексинин “адам өлтүрүү" беренеси боюнча иликтеп жатат. Анткени окуя болгон жерде 18 жаштагы студент өзүн-өзү атып, өмүрүн кыйганы да белгилүү болду.

Кылмышка шектүүнүн ысымы политехникалык коллеждин төртүнчү курстагы студенти Владислав Росляков деп айтылды.

Ал окуу жайдын имаратында жардыруу жасоо менен катар өзү алып келген куралдан студенттер менен мугалимдерге ок аткан. Курмандыктардын көбү да октон мерт болгону айтылууда.

Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов белгилегендей, кылмышка шектүү жалгыз өзү аракеттенген, бирок айрым күбөлөр дагы эки киши кол салганын көрүшкөнүн айтышкан.

- Мен күбөлөр менен сүйлөштүм. Алар колледжге эки адам кирген, бири балдар көп жыйналган ашканада өзүн жардырып, экинчиси класстарга кирип, көргөндөрүнүн баарын ылгабай атканын айтышты,- деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Керчтен жергиликтүү журналист Екатерина Кейзо.

Керчтеги окуяга байланыштуу Крымда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, аймактык бийлик өзгөчө абал жарыялады.

- Бул кылмыш экени анык, трагедиянын мотивдери, версиялары кылдат иликтенет, - деди орус президенти Владимир Путин 17-октябрда Египетте иш сапарда жүргөн жеринен.

17-октябрдагы кол салуу – Крымды Орусия 2014-жылдын жазында Украинадан тартып алгандан берки эң ири кыянатчыл окуя болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG