Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Yeni Şafak: Кыргызстанда Гүлендин таасири чоң


Түркияда чыккан басылмалар.
Түркияда чыккан басылмалар.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-28-август, 2007-ж).

Баш кеңсеси Анкарада жайгашкан, бир күндүк тиражы 100 миң нускадан ашкан Yeni Şafak басылмасы белгилүү түрк аалымы Фетхулла Гүлендин Кыргызстандагы таасири тууралуу көлөмдүү макала жарыялады. "ФЕТӨ Кыргызстандагы ишкерлерди, билим берүүдөн тарта маданият тармагын, айтор бардык секторлорду өз колуна алды. Түрк бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай, бул топтун ишмердүүлүгүнө өлкөдө көз жумуп келишет. ФЕТӨ (Фетхулла Гүленчилер коому) пара менен өз адамдарын каалаган жагына орноштурууда.

"Себат" билим берүү мекемесинин аты "Сапат" болуп өзгөрүп, мамлекеттин карамагына өттү делгени менен "гүленчи" мугалимдер дагы деле иштеп жатышат. Маданият тармагын да колго алышып, ырчы-чоорчуларга материалдык колдоо көрсөтүп келишет.

Буга 2016-жылдын 15-июлундагы козголоңдон кийин кыргызстандык акындын Фетхулла Гүленге арнаган ыры далил боло алат. Жаш ишкерлер ассоциациясын Искендер Ормон уулу аттуу жаран башкарат. Ал Кыргызстандагы эң таасирдүү динаятчы Чубак ажы Жалиловду АКШга алып барып, ФЕТӨнүн анабашы Гүлен менен жолуктурду.

Маалымат каражаттарында да "гүленчилердин" таасири бар. "Заман" гезити Гүлендин идеологиясын Кыргызстанда таркатып келген. Ал жабылгандан кийин "7/24" деген ат менен интернетте чыгып жатат. Мындан сырткары "Марал" аттуу радио да "гүленчилерге" таандык. Коопсуздук тармагына да жыл сайын Кыргыз милиция академиясын бүткөн "гүленчи" студенттер кирип жатат", - деген Yeni Şafak гезити кыргыз "гүленчилеринин" каржылык булагы катары Lion, Mobella, "Вефа" соода борборлорун атаган.

Кыргызстан президентинин аппаратынын жаңы дайындалган башчысы, буга чейин аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп келген Алмаз Үсөнов гезиттин "Атамбаев Эрдоганга чалып, байланыша албай койду" деген маалыматын "жалган" деп ушул жумада "Азаттыкка" комментарий берген.

Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда жашаган айдыңдар Түркиянын коомундагы авторитардык тартипти бекемдөө аракеттерине тынчсызданууларын билдиришүүдө. Адатта, авторитардык бийлик маалымат каражаттары аркылуу өзүнө кулак салбаган тараптарды бир беткей сынга ала баштайт. Кыргызстан бийлиги өзүнүн эгемендик укуктарын жогору сактап, "Сапат" билим берүү мекемесине келтирилип жаткан тынымсыз жана бир беткей чабуулдарга татыктуу жооп бере алды, дешет интернеттеги коомдук тармактарда өз ойлорун билдирген кыргыз атуулдары.

Билл Гейтс касапчылыкка өтүүдө

Билл Гейтс
Билл Гейтс

Дүйнөнүн чириген байларынын алгачкы сабында турган Билл Гейтс менен Ричард Брэнсон таза эт өндүрүү тармагына миллиондогон инвестиция салмай болду. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы атайын макала чыгарды. "Memphis Meats" деп аталган коомдук фонддун казынасына азыр 22 миллион доллар топтолуп, экологиялык таза жерде семирген, эч кандай протеин сайылбаган малды көбөйтүү пландалууда.

Сан Францискодо башталган бул саамалык табияттагы тең салмактуулукту сактап, ошол эле учурда этке болгон талапты канааттандырууга багытталганы айтылат.

Миллиардер Ричард Бенсон долбоордун келечеги абдан кең экенин, болочок муундар нукура эттен азыктанууну көздөрүн белгиледи.

Диана Британ монархиясын сактап калды

Дүйнөлүк басма сөздө принцесса Диананы эскерген бир топ макалалар жарык көрдү. Анын өлгөнүнүн жыйырма жылдыгына карата дээрлик бардык англис тилдүү басылмалар Диана калтырган мурас, коомдогу орду менен жасаган иштерин жазып чыгышты.

New York Times гезити элдин бекем колдоосунан акырындап ажырап, жоголуу коркунучуна кептелген британ монархиясын калкка жакын, кайрымдуулукту сүйгөн, ачык-айрым Диана сактап калды деп баяндайт. "Диана айымдын мүнөзү жана өмүр соңундагы трагедиясы падышалык жашоону модернизациялап, никеге карата аристократиялык талаптарды жок кылды. Британ монархиясы кийинки муунга жубай тандоодо толук эркиндикти бергенди үйрөндү.

Жашоосу абдан жаркын, ошол эле учурда кайгылуу болгон принцесса Диана бул жашоодон эрте кетсе да анын артында ага окшоп элге элпек мамиле кылган эки уулу жолун улап келет. Ханыша Елизаветадан кийин такка Диананын калк анча жактыра бербеген күйөөсү Чарльз олтурат. Бирок Уильям жана Гарри ханзаадаларды эл ушунчалык сүйгөндүктөн, Чарлзды эл баары бир колдойт.

Дианага чейин Британ монарх үй-бүлөсү калктан алыстай түшкөн. Диананын жашоосу менменсинген падышалык тукумду тынымсыз күндемине чыгарып, анын эки уулу болсо учурдагы британ саясатында олуттуу орду бар фигурага айланганын кошумчалайт New York Times.

Лениндин элесинен корккон Орусия

Франциянын Le Figaro гезитинин журналисти Адриан Жольмес азыркы Орусиянын 1917-жылдагы революцияны баштаган Ленинди унутууга болгон аракетин талдады.

"Бүгүнкү Орусияда Ленинге таптакыр орун жоктой. 100 жыл өткөндөн кийин Октябрь революциясын эскерүү бул өлкөнүн жарандарында оңтойсуз сезимдерди жаратууда.

Тескерисинче, 1918-жылы большевиктер тарабынан өлтүрүлгөн Николай падышаны эскерүүнү каалагандар көбөйдү. Азыр орустар саткан сувенирлерден Ленинди эмес, Санкт-Петербургдун, Москванын сүрөттөрүн жана Владимир Путинди гана көрсө болот.

Даталуу күндөрдү шаан-шөкөткө айландырганды жакшы көргөн Владимир Путиндин бийлиги Октябрь революциясынын 100 жылдыгына басым жасаган жок. Бара-бара орустар Ленинди тарыхтан сүрүп чыгышчудай", - деген пикирде Жольмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG