Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Назарбаеванын көмүскө бизнеси ачыкка чыкты


Дарига Назарбаева атасы Нурсултан Назарбаев менен.
Дарига Назарбаева атасы Нурсултан Назарбаев менен.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-июнь)

Eurasianet гезитине талдоочу Крис Риклтондун Дарига Назарбаеванын офшордук эсептерине байланыштуу макаласы чыкты.

​"77 жаштагы Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү капчыктууларга ар дайым чет жактагы капиталын мекенге кайтарууну айтып келет. Бирок эмнегедир элбасынын жакындары бул акылды уккан жок.

21-июнда Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны иликтөө долбоору Панамадагы жашыруун эсептер боюнча жаңы фактыларды чыгарды.

Маалыматтарда айтылгандай, Дарига Назарбаева 2007-жылдан бери Казакстандагы шекер өндүргөн ири заводго Британиянын Виргин аралдарында катталган, азыр иштебей калган Asterry Holdings Ltd. фирмасы аркылуу ээлик кылып турган.

Кумшекер бизнесине Дариганын уулу Нурали Алиев да кызыгып, 2004-2006-жылдары Панамадагы "Моссак Фонсека" фирмасынын капчыктуу кардары болгон.

Президенттин кызына байланыштуу бул фактылардын калкып чыгышы Мухтар Аблязовго жага бербей калды. Ал жакында эле "Фейсбук" баракчасына Дариганы мазактаган "Панама сени чымчыладыбы, Даригуша?" деген постун жарыялады.

Анткен менен Казакстанда Назарбаеванын аброю дале күчтүү. Социалдык тармактардагы талкууга карабай, ал күзүндө Сенатта майлуу орунга отуруп, атасынын бийлигин мурастап калышы ыктымал деген сөздөр айтылып келет" деп жазды Риклтон.

Борбор Азия суу менен байый алат

Дүйнөлүк банктын Европа жана Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллердин Борбор Азиядагы суу тартыштыгы жана сууну башкаруу саясаты боюнча макаласы жарыяланды. ​

The World Bank онлайн порталындагы блогдо Мюллер Тажикстан менен Кыргызстан дүйнөдөгү мөңгүгө бай өлкө болгонуна карабастан, калкынын жарымынан көбү таза сууга жетпей кыйналарын, мындай каатчылыкка сууну туура эмес башкаруу саясаты себеп болуп жатканын жазган.

Автор Тажикстандагы Лолазор кыштагынын мисалында чөлкөмдөгү суу көйгөйүн чагылдырган.

"Сугат жана ичүүчү сууну туура пайдалануу аркылуу түшүмдүүлүктү арттырып, сыртка агылган миграцияны токтотсо болот. Аймактагы бардык өлкөлөр суу саясатында ынтымактуу болсо, жылына 4 миллиард доллардык киреше табуу потенциалы бар.

Дүйнөлүк банк аймактагы суу саясатын жөнгө салуу боюнча 2030-жылга чейинки өнөктөштүк программасын демилгелеген. Суу чыгаруу, аны туура пайдалануу жана сатуу менен Борбор Азия өнүгүү жолуна түшө алат", - деген Сирил Мюллер.

Рамзан Кадыров футболдон пайда табууда

Чечен лидери Рамзан Кадыров Дүйнөлүк футбол чемпионатында да өзүнө упай топтоп жатканын Foreign Policy басылмасы жазды.

Рамзан Кадыров Футбол чемпионатында
Рамзан Кадыров Футбол чемпионатында

"Меймандос, сыйчыл сапаттарын көрсөткөн Кадыров Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө багытталган саясатын футболдо да көрсөтүп жатат.

Чечен лидери Египеттин улуттук командасын чемпионат учурунда сыйлоо милдетин алып, белгилүү футболчу Мухаммед Салах менен жолукканын элге жарыялады.

Муну менен ал Чеченстанга мусулман өлкөлөрдөн түз инвестиция тартып келүү саясатын жүргүзүүдө. 2007-жылы атасы Ахмад Кадыровдун өлүмүнөн кийин бийликке келген Рамзан спорт аркылуу бир топ кадыр-барк топтой алды.

Жан Клод Вандам, Стивен Сигал, кикбокс чемпиону Бадр Хари жана UFCнин чемпиондорун Грозныйда коноктоо менен Кадыров өзүнүн өлкө ичиндеги күчүн арттырды Сириядагы согушка да аралашып, Алепподо талкаланган мечитти кайра курдурду.

Кадыровдун бул иш-аракеттерин Кремл өлкө ичинде мусулмандарды ооздуктоого колдонуп жатат", - деген пикирде Foreign Policy журналынын блогери Карим Зидан.

Мелания Трамптын күрмөсү элдин кыжырына тийди

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө АКШ президенти Дональд Трамптын качкын балдар менен ата-энелерин бөлгөн саясаты эң көп талкууланган тема болду. ​

Мелания Трамптын талаштуу күрмөсү
Мелания Трамптын талаштуу күрмөсү

Ошондой эле Трамптын жубайы Меланиянын качкындар лагерине кийип барган күрмөсү гумандуулукту жактагандардын кыжырына тийгенин жазат The Guardian гезити.

Техастагы балдардын качкындар лагерине Мелания Трамп "Менин ишим да жок, а сеникичи?" деген ураан жазылган күрмө кийип барган.

Ата-энесинен бөлүнгөн качкын балдар үчүн күрмөдөгү бул жазууну айрым басылмалар кемсинтүү катары баалашты. Трамптын басма сөз катчысы "жазууда эч кандай жашыруун чакырык болбогонун" билдирсе, президент Дональд Трамп мунун "жасалма кабар" экенин жазып чыкты.

"Күрмөнү тиккен "Wildfang" аттуу чакан фирманын кийимдери бул окуядан кийин дароо сатылып кетти. Буга чейин мода менен саясатты аналитиктер байланыштырбай келсе, эми коомчулук кийимдеги майда жазуу, денедеги чегилген сүрөттөн да саясий чакырык издеп жатат", - деген пикирин айткан Envirosell иликтөө компаниясынын жетекчиси Пако Андерхилл.

Мелания Трамп бул күрмөнү күйөөсү качкын балдар менен ата-энелерди бөлүү боюнча мыйзамга кол койгон күндүн эртеси Техастагы балдардын качкындар лагерине кийип барган. Күрмөдөгү жазуу Рим Папасынын да ачуусуна тийген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG