Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Кескелдирикте кишиде жок жөндөм бар


Кескелдирик
Кескелдирик

Египетте 3200 жыл мурда жасалган сыр табылды. Саламандра жана кескелдирик куйругун кантип калыбына келтирет? Кургак спагеттини ортосунан кантип сындыруу керек? Малды вакцинациялоо менен Чыгыш Африкада жакырчылыкты азайтса болот.

Саламандра куйругун кантип улап алат?

Саламандра жана кескелдирик кесилген куйругун кайра мурдагыдай кылып өстүрүп алат. Бирок кескелдириктин жүлүндөгү сөңгөктүк нейрон клеткалары жаныбардын зыян тарткан нерв клеткаларынын калыбына келишине жол бербейт. Натыйжада саламандранын кайра өскөн куйругу кадимки оригинал куйругундай иштейт; кескелдириктин куйругу кемирчек менен толуп, териси эзелки абалына келгени менен, эч кандай нерв клеткалары болбойт.

Саламандра куйругунан ажырап калганда, анын жүлүнүндөгү сөңгөктүк нерв клеткалары нерв системасынын түрдүү клеткасы, анын ичинде нерв клеткасы же нейрон болуп өсүп кете алат. Эволюциянын натыйжасында, кескелдириктин сөңгөктүк нейрон клеткалары “универсалдуу өсүү жөндөмүн” жоготконун белгилейт изилдөөнүн авторлошу, доцент Томас Лозито (Thomas Lozito, University of Pittsburgh, USA).

Америкалык окумуштуулар саламандранын аксолот түркүмүнүн (Ambystoma mexicanum) жана кескелдириктин эки түрүн: көгүш анола менен кадимки жылма геккондун (Lepidodactylus lugubris) сөңгөктүк нерв клеткасын изилдешкен. Алар саламандранын сөңгөктүк нейрон клеткаларын геккондун беш баласынын куйругунун нерв клеткаларына киргизип көрүшкөн. Ошондо геккондун кайра өскөн куйругунда кээ бир клеткалар нейронго айланып калгандан кийин биологдор маселе кескелдириктин сөңгөктүк нейрон клеткаларында деген тыянакка келишкен.

Саламандранын infraimmaculata түркүмү
Саламандранын infraimmaculata түркүмү

“Регенерация үчүн саламандра - жан-жаныбарлардын салттуу үлгүсү. Анткени саламандра ар түрдүү ткандарды: мээ, жүрөк, көздүн бөлүктөрү, аяк-буттар, куйрукту калыбына келтире алат. Аларда молекуланын жана ткандын башка сүт эмүүчүлөрдө жок (табылбаган) бүтүндөй бир түрлөрү (типтери) бар. Биз ошого саламандрада табылган көп нерселерди кишиге колдоно албадык”, - дейт Питсбург университетинин Клеткаларды изилдөө жана молекулярдык инженерия борборунун Ортопедиялык хирургия кафедрасынын доценти Томас П. Лозито. (Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.zmescience.com)

Математиктер кургак спагеттини ортосунан кантип сындырса болорун далилдешти

Бир тал спагетти алып, аны эки учунан кармап, сынганга чейин ийиңиз. Эгер спагетти үч же андан көп фрагментке бөлүнүп калса, аны эки бөлгөнгө чейин экспериментти улантыңыз.

"Спагетти эмне үчүн ийгенде экиге бөлүнбөйт?" деген маселе Нобель сыйлыгынын лауреаты, америкалык физик Ричард Филлипс Фейнманды (Richard Feynman (1918-1988) да кызыктырган. Ал спагеттинин эки фрагментке бөлүнбөгөн себебин теориялык жактан түшүнөм деп, боо-боо спагетти менен алышып жатып бир кечти өткөргөнү маалым.

Спагетти. Рим, 13-август 2008-ж.
Спагетти. Рим, 13-август 2008-ж.

Бирок спагеттинин табышмагы 2005-жылы француз окумуштуулары жаңы теория иштеп чыкканга чейин табылбаган. Алар эгерде спагеттинин эки учунан бир калыпта ийсе, өтө көп ийилген ортоңку бөлүгүнөн сынарын аныкташкан. Ошондой эле спагетти ортосунан сынган кезде калган бөлүгү “көз ачып-жумганча мурдагы калыбына” келет жана вибрацияны пайда кылат.

Эки башынан бир калыпта ийилген спагетти.
Эки башынан бир калыпта ийилген спагетти.

Бул ачылыш Нобель сыйлыгы менен бааланган. Бирок “Спагеттини кантип тең ортосунан сындырса болот?” деген суроо ачык бойдон калган. Береги суроого АКШдагы белгилүү Массачусетс технологиялык институту - MITнин окумуштуулары өткөн аптада Proceedings of the National Academy of Sciences журналында чыкан материалда өз жообун айтышты.

Алар жүздөгөн кургак спагеттини кол менен жана атайын жасалган аппаратта ийип, эксперимент өткөрүшкөн. Эгер спагеттини дээрлик 360 градуска чейин бурап туруп, андан соң акырын ортосунан бүктөсө, ал тең бөлүнүп каларын береги эксперимент көрсөткөн.

MITнин окумуштууларынын айтышынча, бул эксперименттин натыйжасы металл жана башка устун сымал материалдарда, ошондой эле нанотүтүктөр менен клеткалардагы микротүтүктөрдө жараканын пайда болуусун, жараканы көзөмөлдөө жолун иштеп чыгууга көмөктөшөт. (Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.newsweek.com, https://phys.org)

Египетте кеминде 3200 жылдык сыр табылды

Байыркы табытта табылган ак талканда (быштакта) бруцеллоз сыяктуу жугуштуу ооруну пайда кылчу бактериялардын белгилери болгон.

Бул байыркы Египет дооруна таандык саганалардан табылган эң эски сыр болушу мүмкүн дешет илимпоздор.

Уйдун сүтүнө койдун же эчкинин сүтү кошулуп жасалган сыр байыркы Мемфис шаарындагы биздин заманга чейинки XIII кылымга таандык кабырдан чыккан сынык кумурадан табылган. Мүрзө шаар башчы Птамстыкы экени айтылат.

Италиянын Катания университетинин окумуштуу- химиги Энрико Греко (Enrico Greco, University of Catania) жана коллегалары бир кесек самынчалык салмагы бар байыркы сырды масс-спектрометриянын жардамы менен анализдешкен. Текшерүү сырдын курамында сүт жана сүттүн сары суусунан башка да бруцеллозду жаратчу инфекциянын бактериялары бар экенин көрсөткөн.

"Бактериялар - байыркы египеттиктер балким бруцеллоз менен күрөшкөн болушу ыктымал экенин күбөлөйт,"- дейт доктор Греко.

Египетте табылган сырдын талканы.
Египетте табылган сырдын талканы.

Сыр өндүрүү байыркы Египетте акыркы табылгадан миңдеген жыл мурда эле болгон. Бирок буга чейин консервация болгон сыр табылган эмес.

Археологдор мурда Кытайдан моюну быштак менен кооздолгон коло дооруна таандык мумияланган кишилердин жасатын табышкан. Бирок доктор Греконун айтышынча, суусу сарыккн катуу сырлар табыла элек эле.

Доктор Пол Кинштедттин (Рaul Kindstedt) айтышынча, 1942-жылы илимпоздорун бир тобу жарыялаган макалада байыркы египет доорундагы чопо идиштерде табылган сырга окшош зат тууралуу жазылып, бирок анын жыты жок экени белгиленет.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.nytimes.com)

Малды эмдөө Чыгыш Африкада жакырчылыкты азайтат

Шотландиянын Глазго университетинин докторанты Мириам Кейси-Брайарс (Miriam Casey-Bryars) Nature Ecology and Evolution журналында жарыялаган макалада, шарпка каршы алдын ала вакцинация жүргүзүлсө, Чыгыш Африкадагы жакырчылыкты бир кыйла кыскартуу мүмкүн болору айтылат.

Дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө кара мал шарптан көп жабыркайт. Шарптын вирусу кара малды безгек кылып, буттарында жана кулактарында ыйлаакча пайда болот. Эгер ыйлаакча жарылса, жылкы жана бодо мал чолок болуп калышы мүмкүн. Шарптан көбүнесе жаш мал жабыр тартат.

Шарп дүйнөгө экономикалык жана этикалык зыян алып келет. Себеби жугуштуу болгондуктан, айыл чарба жабдуулары, транспорт каражаттары, атүгүл кийим-кече аркылуу да жугат. Анын кесепетинен кара мал, кой-эчки жана чочколор жабыркайт.

Шарпты дарылачу вакциналар бар. Бирок вирус генетикалык жактан өзгөрүп тургандыктан, эмдөөнүн эффективдүүлүгү чектелүү.

М. Кейси-Брайарстын жазышынча, малчылык-Африка өлкөлөрүнүн экономикасы, азык-түлүк коопсуздугу жана айыл жеринин калкы үчүн абдан маанилүү. Анткени, мал баккандардын 85% көбү өтө жарды жашайт.

Эсептөөлөргө ылайык, малдын шарп илдети жылына Африка өлкөлөрүнө 2,3 млрд. долларга жакын чыгым келтирет. Ага карабай, шарпка каршы чара көрүүгө маани берилбейт; стандарттык вакцинация жүргүзүү кымбат деп эсептелет, шарптын малчылардын эң жакыр катмарына келтирген зыяны эсепке алынбайт.

Деген менен Африканын түштүгүндө вакцинация стратегиясы ийгиликтүү болгон. Бирок бул чөлкөмдө бодо жана майда мал коркунучтуу илдеттерди Чыгыш Африкага салыштырганда жапайы жаныбарлардан көп жуктурат.

“Эң чоң көйгөй-бул ресурстардын жетишсиздиги, - дейт Мириам Кейси-Брайарс.- Анын кесепетинен жөнөкөй профилактикалык вакцинация жүргүзүлбөйт. Бул сапаты бийик поливаленттик вакцинаны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт жана бар вакциналарга ишенимди жоготот”.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.nature.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG