Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Идлиб: кан төгүүгө жол бербөө чакырыгы


Сириядагы ички качкындардын Идлибдеги лагери. 30-июль, 2018-жыл.
Сириядагы ички качкындардын Идлибдеги лагери. 30-июль, 2018-жыл.

Улуттар Уюмунда Коопсуздук кеңеши Сириянын Идлиб провинциясынын айланасындагы кырдаалды жума күнү талкуулай турган болду.

БУУ өз тарабынан Сирия президенти Башар Асадды колдогон Орусия жана ага каршы Түркиянын лидерлерин кан төгүүнү токтотуп калууга жардам берүүгө да үндөдү. Идлибдеги кырдаалга кылдат көз салып жатканын, ал жерде миллиондогон бейкүнөө жарандар Орусия жана Иран колдогон Асад режиминин чабуулуна кабылуу коркунучу алдында турганын Кошмо Штаттар да эскерткен.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында "бейкүнөө жарандардын каны төгүлүү коркунучу бар" деген эскертүүлөр өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакта мерчемделген чабуулун утурлай бир нече тараптан айтылып жатат:

Никки Хейли.
Никки Хейли.

- Коопсуздук кеңешинде бүгүн эртең мененки сүйлөшүүлөрдө көпчүлүк Идлиб боюнча атайын жыйын өткөрүүнү көздөп жатканы белгилүү болду. Жыйынды ушул жума күнгө мерчемдеп жатабыз. Бул эми трагедиялык кырдаал. Эгер алар (Башар Асаддын өкмөтү) Сирияга көзөмөл орнотууну улантууну кааласа, муну жасай алышат. Бирок алар муну химиялык курал, өз элине кол салуу аркылуу ишке ашыра алышпайт. Биз унчукпай карап тура албайбыз, -деди АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли 4-сентябрда түштөн кийин Нью-Йорктон.

Ага чейин АКШдан президент Дональд Трамп 3-сентябрда "Твиттердеги" баракчасы аркылуу Башар Асад “акылсыздык кылып Идлибге чабуул койбошу керек. Орустар жана ирандыктар адам трагедиясына алып бара турган ишке катышып, гуманитардык чоң ката кетирет. Жүз миңдеген адамдар набыт болушу мүмкүн. Буга жол бербегиле”, - деген билдирүү жасаган.

Идлибиге чабуул “кыргынга” айлануусу мүмкүн деген эскертүүлөргө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да кошулду. “Эгер ал жерде ракеталар жамгырдай жааса, олуттуу кыргын болушу мүмкүн”,- деди түрк президенти 5-сентябрда.

Ал ошондой эле күтүлгөн чабуулду “ырайымсыз жараян” деп мүнөздөп, мындан Түркияны карай качкандардын жаңы агымы жараларын да белгиледи. Түркия акыркы күндөрү Сирия менен чек арасын аскерий жактан да чыңдай баштады.

Буга чейин Улуттар Уюму Идлибде 800 миңдей кишиде үй-жайынан качуу тобокелдиги барын эскерткен.

- Биз азыр согушка даярданып турабыз, бирок согуш болбосун деп тилейбиз. Идлибде согуш жүргүзүү мүмкүн эмес, аймак өлкө ичинде жер которгон жайкын тургундарга болушунча толду, - деди 4-сентябрда Женевадан БУУнун өкүлү Ян Игиланд.

Идлиб, Сирия.
Идлиб, Сирия.

Түркия менен чектешкен жана президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы - Идлибде БУУнун эсебинде, үч миллиондой киши бар. Алардын 1,5 миллиону Сириянын башка аймактарынан качып келгендер. Мунун ичинде 500 миңден ашууну өкмөттүк күчтөр козголоңчулар мурда ээлеп турган аймактарга чабуул жасаган учурда Асаддын бийлигине багынуудан баш тартып, Идлибге жер которууга макул болгондор.

Сириянын провинция чегине жакын топтолгон өкмөттүк күчтөрү чабуулду качан баштары белгисиз.

Бирок Орусия учактарынын 22 күндүк тыныгуудан кийин 4-сентябрда Идлибде аба соккуларды жандандырышынан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жарандык согушка башынан байкоо салып келе жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлады.

Орусия өз тарабынан аба соккуларды жандантканын расмий ырастай элек.

Идлиб шаарынан 30 чакырым аралыктагы Мухамбай шаарчасына жасалган аба соккулардан кийинки көрүнүш. 4-сентябрь, 2018-жыл.
Идлиб шаарынан 30 чакырым аралыктагы Мухамбай шаарчасына жасалган аба соккулардан кийинки көрүнүш. 4-сентябрь, 2018-жыл.

​Дамасктагы бийлик, аны колдогон Орусия жана Иран Идлибде күтүлгөн операцияны "антитеррордук" деп сыпатташып, бутага “Жабхат ан-Нусра” деген топтун согушкерлери алынат, аймак террорчулардан тазаланат деп ишендиришүүдө.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун айтымында, Сириядагы “аскерий кырдаал” Орусия, Иран, Түркия президенттеринин жолугушуусунан кийин анык болот. Путин, Эрдоган, Роухани 7-сентябрда Тегеранда кездешкени жатат.

БУУ кырдаалга таасири бар деп санагандыктан Орусия жана Түркия лидерлерин Идлибдеги кан төгүүгө жол бербөөгө чакырган.

Өзү Орусия, Иран, Түркия Сириядагы ок атышууну токтотуу максатында бир жыл мурда Идлибди төрт де-эскалация зонасынын бири катары аныктаган. Бирок алардын макулдашуусунун шарттары ачык жарыяланган эмес. Белгилүүсү түрк армиясы өкмөттүк күчтөр менен козголоңчуларды бөлгөн майдан тилкесине байкоочу бекеттерин орноткон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG