Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Помпео: Ирандагы терактка АКШнын тиешеси жок


Майк Помпео
Майк Помпео

АКШнын мамкатчысы Майк Помпео “Азаттыктын” иран кызматына берген интервьюсунда АКШнын жана Израилдин Ирандагы терактка тиешеси жоктугун билдирди.

13-февралда теракт учурунда 40 адам өлгөн, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери болгон.

Теракт Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинцияларынын Чахабар шаарындагы аскердик базада болгон. Бийликтин маалыматында, Ислам Революциясынын сакчылары, “Ал-Кудс” атайын бөлүгүнүн жоокерлери бараткан автобуска жанкечти кол салган. Жыйырмадан ашык аскер өлгөн, жай тургундар да каза тапкан. Дагы 20 адам жараат алган.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф “Твиттердеги” баракчасына Ирандагы теракттын Варшавада Жакынкы Чыгыш боюнча өтүп жаткан "жыйынга туш келгени жөн жерден эмес" экенин жазган.

Польшадагы эки күндүк жыйынга АКШ, Израил жана Сауд Арабия баштаган 60 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Ага Помпео да барган.

“Азаттыкка” берген интервьюда Помпео “АКШнын терактка эч кандай тиешеси жок экенин” белгиледи.

“Мен минтип айткым келет: көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү анын ичинде европалык лидерлер Жавад Зариф менен жолуккан. Ал өзүн “токтоо” саясатчы катары тааныштырган. Бирок анын бул билдирүүлөрү чектен чыккандык. Америкалыктар менен израилдиктерди өлүм үчүн айыптоо – сабырсыз позиция. Бул билдирүү Зариф менен Рухани Ирандын башка лидерлериндей эле радикал экенин көрсөтөт”, -деди Помпео.

Ал Иран бир кезде азыркыдай “радикалдуу”, коркунуч жаратпаган өлкө болорунан үмүт кыларын айтты. Бирок ошол эле маалда Ирандагы саясий курсту тышкы таасир эмес, ички таасир өзгөртө турганын баса белгиледи.

Ал Ирандын бардык жашоочуларына азыркы бийликтин “өлкөнү кыйнаган” багыты жакпасына ишенерин кошумчалады.

“Коалиция Ирандан чыккан коркунуч реалдуу деген тыянакка келди. Бул ойду бардык өлкөнүн өкүлдөрү айтты", - деди Майк Помпео.

“Коркунучка кандай реакция кылуу керек дегенде эки ача пикирлер чыгууда. Бирок биз Ирандын кадамы Ирандын жашоочулары тарабынан өзгөртүлүшү керек деп эсептейбиз. Ирандын жашоочуларынын үнү угулушу керек. Алар өзү үнү угула тургандай кылышат, алар өз бийлигин, өз укугун талап кылышат. Ирандын эли акылдуу жана жөндөмдүү. Алардын ийининде көп кылымдык тажрыйба бар. Алар өз өлкөсүн башкара алат. Ошол күн келгенде бүтүндөй Жакынкы Чыгыш Ирандын өзү үчүн да коопсуз болот”, - деген Помпео Ирандын жашоочуларын колдорун билдирди.

“Биз Ирандын ичиндеги адамдарды колдоо үчүн колдон келген аракетти кылабыз. Алар эртедир-кечтир каалагандай жашоого мүмкүнчүлүк алышы керек. Ал жашоо Жакынкы Чыгыштан баштап бардык өлкөлөр үчүн коопсуз болууга тийиш”.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG