19 жашар эгиз жигиттер сентябрь айында Словакиядан Австрияга кирүүгө аракеттенгенде, колго түшүп, Молдовага кайра кайтарылган болчу. Көп өтпөй Австрияга кирүүгө кайрадан аракеттенгенде, бул экөө кармалып, Венадан 60 чакырым жердеги Пөлтөн деген шаарчанын түрмөсүнө камалган. Ачкачылык жарыялаган эки туткун абалы өтө начар болгондуктан, мындан эки күн мурда койо берилген болчу. Алар Католик чиркөөсүнүн жатаканасына конуп, ал жерден уурдалган велосипеттер менен Германияны карай бараканда, кармалышты.