Орусиялык кеме Австралияга айыпка жыгылды.

Деңиз мыйзамдары боюнча эл аралык сот Австралиянын суусунда уруксатсыз балык уулап жүрүп кармалган орусиялык кеме 1 миллион доллар айып төлөсүн деген өкүм чыгарды.
“Волга” кемеси быйыл февралда Түштүк океандын Австралияга караштуу Антартика жээгинде өтө сейрек кездешчү балыкты уулап жүргөндө камакка алынган.
Австралия кеменин олжосун аукциондон 1 миллион долларга саткан жана “Волга” менен анын экипажы үчүн 1 миллион долларга жакын айып талап кылып жаткан.
Орусия кеме жана анын экипажын бошотуп алуу үчүн 250 миң доллардан көп айып төлөөгө макул эмес болуп жаткан.