Өткөн жума күнкү жардыруудан жараат алган милиция кызматкери шейшембиде ооруканада көз жумду. Ташкендеги АКШ, Израилдин элчиликтери жана Башкы прокуратуранын кеңсеси алдында өзүлөрүн жардырган үч жанкечтиден башка ал окуялардан 3 тартип коргоо кызматкери жана бир күзөтчү набыт болушту. Өзбек бийликтери ал жардыруулар үчүн "Хизб ут- Тахрир" уюмун күнөөлөп жатат, байкоочулар аталган кыймыл буга чейин өз максатына жетиш үчүн күч колдонбой тынч аракеттенип келатканын айтышууда.