Бүгүн Киевде Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдованын өлкө башчыларынын катышуусундагы саммит өтөт. Анда аталган төрт өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктарды өнүктүрүү маселелери талкууланат. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили “Азаттыка” берген маегинде Киевдеги жыйында бир катар документтерге, алардын ичинде уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосунда эркин соода режимин киргизүү, энергетика тармагында кызматташуу жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлат. Курамына төрт өлкө кирген бул уюм мындан ары эл аралык статуска ээ болгон Демократия жана экономикалык өнүгүү үчүн уюму деп аталмакчы.