БИШКЕК. Бул тууралуу «Атуулдар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору бүгүн президент Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылууда айтылат. Анда биз ачык-айкындуулукту жана макулдашкан тараптардын аракеттерине атуулдук көзөмөл жүргүзүүнү камсыздоо маселесин талап кылабыз деп айтылат. Ошондой эле жаңы келишим боюнча акыркы чечим парламент тарабынан каралууга тийиштиги белгиленген.