Эль-Хадитанын тургундарынын өлтүрүлгөндүгү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланат

Өткөн жылдын ноябрь айында Ирактын Эль-Хадита шаарынын 24 тургунун америкалык аскерлер атып өлтүргөндүгү тастыкталса, алар жоопко тартылат. Бул окуя боюнча иликтөөнүн жыйынтыктары ачык жарыяланаары тууралуу АКШ президенти Жорж Буш билдирди.