Сочиде бүгүн ЕврАзЭстин саммити улантылат

Анда бир бажы союзга биригүү жана жалпы энергетикалык рынокту түзүү маселелери талкууланмакчы. Бул саммитке Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев да катышууда. Кечээ Сочиге украин өкмөт башчысы Виктор Янукович да барды. Ал саммитке байкоочу катары катышат дагы орус бийлиги менен газ боюнча алакасын талкууламакчы.