Базар-Коргон районунда депутат Өмүрбек Текебаевдин кан жолду тосуп жаткан жактоочулары күндүзгү саат 12:30 да жолду бошотушту. Алар талаптарын аткарууга бийлик өкүлдөрүнө эртенки саат тогузга чейин мөөнөт беришти. Эгер бул убакыт ичинде бийлик Текебаевди бошотуу чараларын көрбөсө, алар областтык акимчиликти басып алышарын эскертишти.