Иракта акыркы эки жылда төрт миң полицмен набыт болду

Жарадар болгондору сегиз миңден ашты. Бул тууралуу америкалык генерал Жозеф Петерсон билдирди. Бийликтер азыр полиция органдарында тазалоо иштерин өткөрүп жатат. Ушул аптада эле 700дөй киши кызматтан четтетилди. Аларды козголоңчулар менен байланышы бар деп болжолдошот.