“Хезболланын” лидери Шейх Хасан Насралла оппозициячыларга өкмөттө дагы орундар берилмейинче, нааразылык акциялары токтотулбайт деп билдирди. Бейрутта эки аянтта чогулган миңдеген кишилерге көрсөтүлгөн кайрылуусунда Шейх Хасан өкмөт башчысы Фуад Синиора кызматынан кетмейинче турабыз деп белгиледи, премьер отставкага кетпей турганын кайталоодо.