Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай коркунучтуу аймактардан көчүрүүгө мажбур болуп тургандардын көпчүлүгү Ош жана Нарын облустарынын тургундары. Ысыккөл, Чүй, Жалалабат жана Баткен облустарында да акыбал оор. Министрликтин маалыматы боюнча көчүрүлүүгө аргасыз болуп жаткан үй-бүлөлөрдүн негизги маселеси өкмөт тарабынан узак мөөнөткө берилүүчү насыя акчанын берилбей жаткандыгы болууда. (ZKo)