Кечээ Минскте “Жаш фронт” оппозициялык кыймылынын бери дегенде отуздай мүчөсү камакка алынды

Беларус улуттук коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү жана милиция кыймыл чогулуш өткөрүп жаткан үйгө кирип келип, аларды кармап кеткен. Укук коргоочу Людмила Грязнованын айтымында камалгандардын арасында жашы жете электер дагы бар. Милиция азырынча бул тууралуу эч кандай маалымат бере элек.