Ооганстандын коопсуздук күчтөрү НАТОнун жоокерлеринин колдоосунда Баква шаарын талибдерден бошотту

Талибдер бул шаарды 19-февралда басып алган эле. Эки жүздөн ашуун ооган полициячылар жана жоокерлер шаарга кирип келгенде, эч ким каршылык көрсөткөн жок. Бул тууралуу Фарах провинциясынын губернаторуна шилтеме жасап “Ассошейдед пресс” агенттиги кабарлады.