Европада америкалык антиракеталык система орнотуу боюнча сүйлөшүү өтүшү мүмкүн

Кечээ күнү "Вельт" деп аталган немис гезитинде Украинанын премьер-министри Виктор Януковичтин интервьюсу жарыяланды жана анда Янукович - Чехия менен Польшанын аймагында антиракеталык америкалык системаларды орнотуу маселеси боюнча АКШ, Европа Биримдиги жана Орусия үч таратптуу сүйлөшүү жүргүзүш керек деп билдирет. Оппозиция жетекчиси Юлия Тимошенко болсо кечээ күнү Вашингтон шаарынан - өз аймагында змне орнотууну ар бир мамлекет өзү чечиш керек деп билдирди. Андан тышкары Тимошенко - Украинада кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды.