МИТИНГИЧИЛЕРДИ МИЛИЦИЯ ГАЗ МЕНЕН АТТЫ

Бүгүн кечинде саат сегиздерде Өкмөт үйүнүн жанындагы каршылык акциясына чыккан митингичилерге каршы милиция көздөн жаш агызчу газ гранаталарды атышты. Митингичилер качып борбордук аянтка сүрүлдү. Аянттын ылдый жагын төрт катар тизилген милиция курчап турат. Оппозиция лидерлери, депутаттар Мелис Эшимканов менен Темир Сариев митингчилерди тынчтанууга, милицияны күч колдонбоого чакырууда. Саат кечки тогузга карата борбордук аянтта эл суюла түштү. «Азаттыктын» кабарчысы борбордук аянттагы көпчүлүк «Эркиндик» гүлбагын карай качкандыгын маалымдады. Башаламандыктан улам каршылык акциясына чыккандар оппозиция лидерлерин укпай, кыжырлангандардын саны көбөйүүдө. К.Байболов, Р.Жээнбеков, Т.Сариев баш болгон оппозиция лидерлери көзөмөлдү колдон чыгарбоого далалат кылып, элди тынчтанууга үндөп жатышат. Милиция борбордук аянттын айлана-тегеретесинде газ менен атууну улантууда. Окуя болгон жердеги кабарчыларыбыз дем алууга мүмкүн болбой калганын айтышууда.