Бул тууралуу “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова билдирди. Бир катар укук коргоочулар бүгүн алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына, андан кийин окмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышып, “Бириккен фронттун” үч активистинин камакка алынышына нааразылык билдиришти. Азыркы кезде укук коргоочулар акциясын аяктап, тарап кетишти. Аларга өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө уруксат берилбегенин Биринчи май райондук прокурору эскертти. “Бирок биз конституциялык укугубуздан пайдаланып, 26-апрелде өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын улантабыз”, деп белгиледи Төлөкан Исмаилова. Нааразылык акциясына чыккандар менен президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун жолугушуп, камактагыларды бошотуу боюнча өз алдынча аракет жүргүзүп жатканын билдирген. (AiT)