17:00 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 17-июнда Дүйшөмбү шаарында болот

Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырым келет. Анын 460 чакырымдай делимитацияланган.Бирок аныкталган чек ара тилкелери тоолуу аймактарда жайгашкан. (AiT)