15:50 Жашылча-жемиштердин экспорту 24,9% өстү

Улуттук Банктын маалыматы боюнча быйылкы жылы жашылча-жемиштердин экспорту өскөндүгүнө байланыштуу ички базарда баалар көтөрүлдү. Жемиштер 49,5%, жашылчалар 13,4% кымбаттады. Ошол эле учурда картошка жана башка жашылча жемиштерди айдоо да өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Эттин баасы да коңшу Казакстанга көп экспорт болуп жаткандыгына байланыштуу көтөрүлгөн. Эттин экспорту өткөн жылга караганда 20,4% өскөн. (ZKo)