АЛЖИР. Алжирде акыркы күндөрдө болгон теракттактардын жоопкерчилигин Аль-Каиданын Түндүк Африкадагы канаты өзүнө алды. Бул жөнүндө өзүн «Исламдык Магребдеги Аль-Каида» деп атаган топ интернетте жарыялады. Акыркы күндөрдө болгон теракттарда бери дегенде 50 киши курман болду. Алардын отуздайы Деллис порттук шаарында кечээ болгон терактта мерт кетти.