Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жаңы төрагасы Каныбек Осмоналиев тармакты Ош шаарында туруп башкарууга камданууда. Бул туурасында аталган агенттиктин директорунун кеңешчиси Шамшибек Закиров 16-февралда “Азаттыкка” маалымдап, Осмоналиевдин Ошко көчүшүн диний-экстремизмдин түштүктө күчөшү менен байланыштырды. Жергиликтүү талдоочу Асанбек Каракозиев Дин агенттигинин толук бойдон Ошко көчүшү чоң каражатты талап кылаарын, андан көрө агенттиктин түштүк башкармалыгын ачуу пайдалуу болоорун эске салды. (АТо)