ЕККУнун маалымат каражаттары боюнча өкүлү Миклос Харашти Өзбекстанда эркин журналисттерге каршы уюштурулган каралоо кампаниясына токтолуп, анын ичинде “Озодлик” радиосунун кабарчысы Солиджон Абдурахмановдун кармалышын белгилеген. Мамлекеттик маалымат каражаттарында эркин журналисттерди мамлекетке каршы иш жүргүзгөн элементтер катары сыпатталууда.