Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай,гуманитрадык жадам түрүндө келген «Пегинтрон алфа» дарысы толук көлөмдө колдонбой калышына жол берген кызматкерлерге карата 30-июлда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Ушул жылдын январь айында жүргүзүлгөн текшерүү көрсөтүп тургандай, америкалык «Америкерз» фондусунан «Адра- Кыргызстан» кайрымдулук фондусуна 9 млн 600миң доллардан ашык каражатка «Пегинтрон» ийне-калемдин 21540 даанасы келген. Сактоо мөөнөтү 2008-жылдын апрель-июнь айларына чейин болгон бул дарылар Республикалык клиникалык ооруканага жана Улуттук онкология борборуна таратылып берилген. Бирок аталган мекемелердин башкы дарыгерлери ийне-калемдердин канчасы керек болоорун так билбей дары-дармектер пайдаланат деп кепилдик беришкен. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөлөрү да «Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө» жобону бузушуп, гепатит менен ооругандардын географиясын билбей дары-дармектерди бөлүштүрүү тууралуу документке кол коюшкан. Аталган факт боюнча кылмыш ишин тергөөнү Каржы полициясы жүргүзүүдө.(MSu)