Бүгүн БШК саясий партияларга семинар өтөт

Иш-чарага Борбордук шайлоо комиссиясы жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн сырткары, шайлоо жараяндарына байкоо жүргүзүп келген эл аралык уюмдардын,  мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, депуттар, катышат. Семинарда жалпысынан саясий партияларга 23-июлга белгиленген президенттик шайлоону уюштуруп өткөрүү тууралуу маалымат берилмекчи. БШКдан кабарлашкандай, Европадагы коопсуздук жана кызматташыттык уюму (ЕККУ) Кыргызстандын бул жааттагы эл аралык милдеттемелери боюнча айтып берет. (EBM)