Евробиримдиктин лидерлери Пакистандын президент Асиф Али Зардари баштаган өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү Брюсселде өткөрүүдө. Террордук топторго каршы күрөшүү - аракеттери жана соода алакаларды өнүктүрүү күн тартибиндеги башкы маселелерден. Пакистан коңшусу Ооганстандагы согуштун токтошу үчүн чечүүчү өлкө катары эсептелинет. Евробиримдиктин 2007-2010-жылдардын аралыгында Пакистанга жардам ирээтинде ажыратуучу каражаты 200 миллион еврого жетет. Президент Асиф Али Зардари Брюсселдеги сапары учурунда НАТОнун баш кеңсесине барып сөз сүйлөөрү да белгиленген.